УКМК «Ишеним» партиясын админресурс колдонушу мүмкүн деп шектеп жатат

УКМК 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого «Ишеним» партиясынын катышуусуна тынчсызданып жатат. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, аталган партия админресурс колдонушу мүмкүн.

«"Ишеним" саясий партиясынын республиканын жергиликтүү кеңештерине шайлоого катышуу ниети бар экендиги, анын негиздөөчүлөрүнүн бири өкмөттүн Ош облусундагы учурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов болуп эсептелинет. УКМК административдик ресурсту колдонуунун дал ушул фактыларында жана натыйжада адилетсиз шайлоо болуп, 2020-жылдын октябрь окуяларына себеп болгон деп эсептейт», — деп билдиришти УКМКдан.

Ведомство жергиликтүү кеңештен креслого үмүт кылган «бардык саясий күчтөргө» республиканын бардык мыйзамдарын так сактап, «таза жана ачык-айкын» шайлоо өткөрүү тууралуу эскертет.

«Болбосо, тандоо процесси бузулган фактылардын бардыгы мыйзамда белгиленген тартипте токтотулат», — деп убадалашты УКМКдан.

«Ишеним» партиясы Ош жана Бишкек шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышып жатканы белгилүү.

Жарасул Абдураимов деген ким?

Жарасул Абдураимов 2020-жылдын 19-октябрында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал Алай районунун Гүлчө айылында туулуп өскөн. Кесиби боюнча экономист.

Абдураимов — «Ишеним» партиясын түзгөн жана жетектегендердин бири, Нанотехнологиялар институтунун негиздөөчүсү. Ошондой эле, ал ондон ашык компаниялардын ээси катары катталган. Ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалгандан кийин Абдураимов партияны негиздегендердин тизмесинен чыккан эмес.