Видео: Исфанада күйүүчү май тартыш болгондуктан унаалардын кезеги жаралды

Материал 17:40та жаңыртылды

Баткен облусундагы Исфана шаарынын тургундары калаада күйүүчү май калбай, бир гана «Партнер Нефть» иштеп жатканын айтышууда. Социалдык тармактарда жарыяланган тасмада май куюучу жайлардын биринде узун кезекти көрүүгө болот.

«Бүгүн 28-февраль. Май куюучу жайда мына кезек. Исфанада бензин көйгөй болуп жатат. Бир гана “Газпромдо” (“Партнер Нефть” — редакция) бар», — деп билдирди тасманын автору.

Жергиликтүү тургундар «24.kg» басылмасына билдиргендей, мындай көрүнүш бүткүл Лейлек районунда байкалууда. Мындан сырткары бир литр бензиндин баасы 44-45 сомго көтөрүлгөн.

«Ошол эле учурда аткезчилик жол менен күнүнө 20-25 бензин ташыган унаа Тажикстанга өтүп барат», — деди тургундар.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Исфанада бензин тартыштык болгонун ырасташты, бирок «такыр жок» эмес экенин билдиришти. Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова буга Бишкектен күйүүчү май аз өлчөмдө келип жатканы себеп болгонун айтты.

«Азыркы учурда Бишкек шаарынан Исфана жана Сүлүктү шаарларына күйүүчү май келе жаткандыгын маалымдайбыз [...] Бүгүн 1-март саат 13:00гө Лейлек районунда 142 миң 317 литр 92 маркасындагы бензин, 6100 литр 95 маркасындагы бензин, 39 миң 685 литр 80 маркасындагы бензиндин, 767 миң 219 литр солярканын запасы бар экени такталды», — деп билдирди Бердикулова.

Мындан сырткары Бердикулова чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп, акыркы эки суткада аткезчилик жол менен күйүүчү май ташыган беш унаа кармалганын билдирди. Ошондой эле басма сөз катчы облустагы күйүүчү майга болгон тартыштыкты жөнгө салуу максатында коңшу өлкөлөргө мунайдын ташуусу да токтотулганын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 27-февралда 10 тонна күйүүчү майды Тажикстанга аткезчилик жол менен өткөрүүгө аракеттенген кыргызстандыкты кармаган. Шектүү унаасы менен Лейлек районунун Ак-Арык айылында колго түшкөн.

Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 18-февралда Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы аткезчилик көйгөйүн жоюуну убадалаган. Ташиев күйүүчү майдын контрабандасыны көзөмөлдөө жоопкерчилиги УКМКнын Баткен облусу боюнча жетекчисине жүктөлгөнүн билдирген.

Күйүүчү майдын баасы 8 сомго кымбаттайт

Мунай сатуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов 1-марттагы басма сөз жыйында күйүүчү майдын баасы бул айда 8 сомго чейин кымбатташы мүмкүн деп божомолдоду. Эшатов буга төрт себеп бар экенин айтты. Алар:

  • күйүүчү майга болгон сурамдын жогорулашы;
  • Brent маркасындагы майдын бир баррелинин (158,9 литр) баасы 50 доллардан 67 долларга жогорулашы;
  • күйүүчү майдын Орусиядагы жетишсиздиги — буга чейин Орусия «сууктан улам» февралда мунай өндүрүүнү кыскартканы айтылган;
  • сомдун 21%га девальвациясы, бул күйүүчү майдын ар бир литрине 6-7 сом кошот.

Ошондой эле Эшатов Кыргызстанга Казакстандан май жеткирүү жөндөлбөгөнүн, мындан сырткары коңшу өлкөнүн өзүндө мунайдын жетишсиздиги байкалып жатканын кошумчалады.