Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров кызматын тапшырды

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров 2-марттан тартып ыйгарым укуктарын токтотту. Анткени 11-апрелдеги жергиликтүү кеңешке шайлоого барат. Бул тууралуу ал Инстаграм барагы аркылуу билдирди. Ал «Эмгек» партиясы менен депутаттыкка ат салышат.

Абиров шайлоо башталганга чейин 40 күн мурда кызматын токтотуу керектиги тууралуу мыйзамды аткарып жатканын белгиледи.

«Мындай кадам ыйгарым укуктарын аша чаап колдонуу же админресурсту пайдаланууга бөгөт коюу үчүн жасалат. Анткени алдыдагы шаардык кеңештин шайлоосунда бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлүүгө тийиш», — деген ал.

Жаныбек Абиров жөнүндө эмнелер белгилүү?

Жаныбек Абиров 2016-жылы шаардык кеңешке КСДП менен келген. 2018-жылы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган — көпчүлүк коалициясы аны талапкер катары көрсөткөндөн кийин 40 депутат добушун берген.

Абиров эки жогорку билимдин ээси. ЖМКларга курган маектеринде Абиров шаардык кеңешке депутат болгонго чейин бизнес менен алектенгенин, анын ичинде көмүр ташуу менен алектенген транспорттук компанияны негиздегенин айтып берген.

Анын атасы Болотбек Абиров — Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүү боюнча тендерди бир нече жыл катары менен утуп жаткан «Рассвет Компани» компаниясынын негиздөөчүсү.

Ошондой эле, Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Болотбек Абиров кыймылсыз мүлктү башкаруу жана дүң жана адистештирилбеген соода-сатык менен алектенүүчү бир нече компаниянын ээси катары көрсөтүлгөн.

«Эмгек» партиясы тууралуу эмне белгилүү?

«Эмгек» партиясын 2011-жылы ишкер Аскар Салымбеков негиздеген. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо партия «Бүтүн Кыргызстан» менен бириккен, бирок тандем парламентке өтө алган эмес. Алар болгону шайлоочулардын 6,14% добушуна ээ болгон.

«Эмгек» партиясы 27-февралда Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна бара турган 75 талапкердин тизмесин түзүп, бекитти. Партиянын төрагасы Ырысбек Мааткабылов. Ал «Аламүдүн базары ЖЧК» компаниясынын башкы директору жана «Дордой» Ассоцияциясынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Ал эми Жаныбек Абиров партия төрагасынын орун басары.

Республика боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Бишкек шаардык кеңешине 27 партия, Ош шаардык кеңешине 10 партия шайлоого катышуу үчүн өз арыздарын берди.