УКМК Райымбек Матраимовдун ден соолугу боюнча маалымат бербейт

«Клооптун» журналисттери мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун ден соолугу боюнча комментарий алуу үчүн УКМКга кайрылды. Атайын кызмат Матраимов жөнүндө «эч кандай маалымат бере албастыгын, анын ичинде анын ден соолугу боюнча дагы комментарий берилбей турганын» маалымдады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган соңку чечимге ылайык, 20-февралда мурдагы бажычы Райымбек Матраимов «кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу» иши боюнча кайрадан кармалып, эки айга УКМКнын ТИЗОсуна камакка алынган. Бирок, 24-февралда 24.kg басылмасы Матраимов жүрөк оорусунан улам ооруканага жаткырылганын жеке булактарына таянып маалымдаган.

3-мартта «Акипресс» басылмасы да Матраимовдун жүрөгүнө гипертониядан улам операция кылуу пландаштырылып жатканын жеке булактарга шилтеме келтирип кабарлады. Ошол эле кезде, анын абалы орто деп бааланууда.

Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өткөн. Ушунчалык чоң масштабдагы иш болгонуна карабастан, Бишкектин Биринчи май райсотунда өткөн отурум тез эле бүтүп, бир саатка жетпеген убакытта Матраимов бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча күнөөсүн мойнуна алып, сот аны күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом (3 миң АКШ доллары) айыппул салган.

Андан соң 18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кармаган. Ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоолор болгону себеп. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.