Экс-бажычы Райымбек Матраимов эки айга камакка алынды

Райымбек Матраимов

Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-февралда мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду эки айга камоо чечимин кабыл алды. Ал «кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» айыпталууда.

Матраимов эки ай бою УКМКнын тергөө абагында болот. Ал эми анын жактоочусу Мадина Ниязова муну «саясий чечим» деп атап, беш күн ичинде жогорку инстанцияга даттанаарын билдирди.

Ошондой эле соттун имаратынын алдында анын тарапташтары чогулуп митинг өткөрүштү. Алар Матраимовдун камакка алынганы менен макул эместигин жана аны колдогон мөөнөтсүз митингдерди улантышаарын айтышты.

Экс-бажычы Райымбек Матраимов УКМК тарабынан 18-февралда кармалган. Ал эми ага чейин, 11-февралда, «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылган — сот ага 260 миң сом өлчөмүндө айыппул салып, бошоткон болчу. Ошондой эле сот анын кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган.

Бажыдагы аткезчилик жана коррупция боюнча бир катар иликтөөлөрдүн фигуранты болгон Матраимов бошотулгандан кийин өкүмгө нааразы болгон жарандык коом 14-февралда Бишкекте тынчтык жөө жүрүшүнө чыккан.

Алар «Матраимовдун камалышын, акыйкаттуулук орношун жана бийлик элге кайтарылышын» талап кылышкан.

Марш болуп өткөндөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эгерде чет өлкөдөн экс-бажычынын мүлктөрү табылса тергөө уланат деп ишендирген болчу.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген.

Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Ал эми АКШ Матраимов жана анын жубайы Аманда Тургунованы «Магнитский тизмесине» киргизген. АКШнын мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги муну Матраимовдун коррупциялык схемаларга аралашканы жана

Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын алып чыгып кетүү схемасына түздөн-түз катышканы менен түшүндүргөн. Көп өтпөй Тургунова фамилиясын Сулаймановага өзгөрткөн.

*Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.

«Матраимовду бошоткула!» Бишкек жана Кара-Сууда экс-бажычынын тарапташтары митингге чыкты

УКМК экс-бажычы Райымбек Матраимов кармалганын билдирди