Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-мартта Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Президенттин басма сөз кызматы Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын «канааттандырарлык» деп баалаганын билдирди.
«Ошол эле учурда алдыда жасала турган дагы көп иш бар. Бул үчүн бизде боордош Казакстан менен бардык багыттарда өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар», — деп баса белгилеген президент жолугушууну жыйынтыктап жатып
Ошондой эле, Жапаров кыргыз-казак кызматташтыгынын «ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн» белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстан дээрлик бардык маселелер боюнча бир чечимге келди.
«Биз мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, интеграцияны жана эл аралык бирикмелердеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук», — деди Жапаров. Ал Токаевди Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Жапаров менен Токаев биргелешкен билдирүү жасашып, анда кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүдөгү негизги учурларды белгилешти.
Билдирүүгө ылайык, Жапаров менен Токаев «кыргыз-казак мамилелеринин позитивдүү динамикасын» белгилешти. Мамлекет башчылары бир нече жалпы максаттарды атап, аларды биргеликте чечүү пландалып жатканын билдиришти.
Президенттер эмнени маанилүү деп эсептешет
Эки тараптуу билдирүүгө ылайык, өлкө башчылары пандемия учурунда COVID-19 дартына каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттерди күчөтүүнү маанилүү деп эсептешет. Аны менен катар, документте эки өлкөнүн аймагында жарандардын жана автоунаалардын эркин транзитин камсыз кылуучу чараларды көрүү зарылчылыгы айтылган.
Өлкө башчылары маанилүү максаттардын арасынан төмөнкүлөрдү белгишти: соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү, өнөр жайдагы, гидроэнергетикадагы, отун-энергетика комплексиндеги жана банк чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу.
Ошондой эле, Жапаров менен Токаев инвестиция тартууну жана аларды мамлекеттик деңгээлде коргоону маанилүү деп эсептешет.
Кандай бекем ниеттер бар?
Маанилүү көйгөйлөрдөн тышкары, эки өлкөнүн президенттери айрым маселелер боюнча «бекем ниеттерин» билдиришти. Ага ылайык, Жапаров менен Токаев өз ара инвестицияларды колдоону жакшыртууга ниеттенип жатышат.
«Бул контекстте Тараптар евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында, анын ичинде потенциалды толук көлөмдө ачууга, тоскоолдуксуз, алып коюусуз жана чектөөсүз капиталдын, эмгектин, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун ачууга, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, өнөр жай комплекстеринин атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана башка багыттарда чараларды иштеп чыгууда бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруунун маанилүү экендигин белгилешет», — деп айтылат документте.
Ошондой эле, билдирүүдө президенттер «кыргыз-казак Биринчи региондор аралык форумун өткөрүүгө кызыкдар экендигин тастыкташат» деп айтылат. Алар эки өлкөнүн өкмөтүнө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында логистикалык борборду түзүүнү тездетүү тапшырмасын беришти.
Мындан тышкары, эки өлкөдө тең энергетикалык коопсуздук жана суу-энергетика ресурстарын өнөктөштүк пайдалануу боюнча жалпы кызыкчылыгы бар.
Казак-кыргыз мамилелерин жакшыртуу
Казак-казак мамилелериндеги мындай позитивдүү динамика дайыма эле болгон эмес. Мисалы, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда «боордош» элдердин мамилесине жарака кеткен болчу.
Анда Атамбаев Казакстандын бийлигин сындап, 2017-жылы Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүүгө аракет кылды деп айыптаган. Шайлоодо Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен.
Атамбаев тарабынан айтылган айыптоолордон кийин Казакстандын чек арачылары кыргыз-казак чек арасында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн. Кыргызстандан коңшу өлкөгө бараткан адамдарды дыкат текшерүүлөрдүн айынан чек арада чоң кезек күтүүлөр менен авто тыгындар жарала баштаган.
Пикир келишпестик бийликке Сооронбай Жээнбековдун келишинен кийин гана чечилди. Ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Минск шаарында жолуккан.
Назарбаев билдиргендей, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «бир туугандык мамилелерди» калыбына келтирип жана чек арадыгы көйгөйдү чечүүгө жардам берген «жол картасына» кол коюу боюнча макулдашышкан. Жол картасынын өзүнө 2017-жылдын декабрында кол коюлган.
Бирок, бирдиктүү документтин кабыл алынышы эки өлкөнүн чек арасында кийинки жылдары да пайда болгон тыгындарга байланыштуу маселелерди толугу менен чечкен эмес.