«Бул бийлик да менден коркуп жатат». Исаков ЖЭБ боюнча Жогорку соттун чечимин сындады

Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов 3-мартта өзүнүн фейсбук-баракчасында мурдагы премьер-министрдин атынан расмий билдирүү жарыялады.

Исаков бул билдирүүдө Жогорку соттун Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупциялык иштер боюнча өкүмдү кайра карап чыгуудан баш тартуу чечимине комментарий берди. Исаков өкүм кайрадан каралып чыгарына үмүт кылган — «Мен бул окуяда кадыресе акыл–эстүүлүк жана адамгерчилик баары бир жеңет деген үмүтүм болгонун жашырбайм».

«Анын үстүнө буга чейин ат майданы жана Тарых музейи боюнча кабыл алынган соттун чечимдери жокко чыгарылганы маалым. Бул чечимдерди да ЖЭБ боюнча чыгарылган принциптей эле эч бир далили жок, жасалма экспертизалар менен кысым астында жана коркутуп үркүтүү менен алынган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарышкан эле», — деди ал.

Мурдагы премьер-министр Жогорку соттун мындай чечими андан Жээнбековдун режими да, азыркы бийлик да коркуп жатканын түшүндүрөрүн билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдын октябрь айында «анын көзүн тазалоо боюнча буйрутма берилген».

«Ошондуктан мага карата жасалып жаткан иштердин бир гана себеби бул – коркуу. […] Менин машинеме тапанчадан ок атышты. Бул буйрутма дагы эле күчүндө экенин мен билем. Мага өмүрүмө коркунуч жараткан түрмөгө кайтып барууга болбойт эле» — деп Исаков белгиледи.

Исаков жакында «чындыкты элге ачык айтарын» убада кылды, бирок азыркы учурда өз маалында ага жардам берген, азыр да жардам берип жаткан кыргызстандыктарды оор кырдаалга салгысы келбей турганын билдирди.

«Мен мындан ары кыргызстандыктарга өзүмдүн позициямды түшүндүрүп, пикирлештерди тапканга аракет кылам. Биз күчкө салбаган иш аракеттерсиз эле бара-бара өлкөдөгү кырдаалды жакшы жагына өзгөртө алабыз» — деди ал.

Мурдагы өкмөт башчынын ою боюнча, азыр «чындык» үчүн Кыргызстанда блогерлерди, журналисттерди, коомдук ишмерлерди куугунтуктоо жүрүп жатат, бирок «чындыкты эч ким жок кыла албайт».

«Акыркы үч жылда мен жашоодогу көп нерселерди кайрадан ойлонуп, аң-сезимимден сыдырып чыктым. Абактагы жашоонун атам замандан бери келаткан “Ишенбе, коркпо, сураба!” деген айныксыз эрежеси бар. Менин да эч кимден бир нерсе сурайын деген оюм жок» — деп Исаков сөзүн жыйынтыктады.

Заявление Сапара Исакова Уважаемые соотечественники! Вчера Верховный Суд КР отказался пересматривать приговор по делу...

Опубликовано Nurbek Akbar Среда, 3 марта 2021 г.

Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков түрмөдөн 2020-жылдын 6-октябрына караган түнү бошотулган. Ошол учурда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор Ак үйдү басып алышып, андан кийин түрмөлөрдөн жана тергөө абактарынан саясатчыларды бошотуп башташкан.

Исаков темир тор артынан бошонуп чыккандан кийин түзөтүү мекемесине кайтып келген эмес — ЖАМК Исаковдун абакка кайтуу мөөнөтү 13-октябрда аяктай турганын билдирген. Ал кайтып келбегендиктен, ага карата «Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

26-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы маалымдагандай, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков абакка кайтып келбегендиктен, ага эл аларык издөө жарыяланган.

Сапар Исаков 2019-жылы Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодогу коррупцияга айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Сапар Исаковго Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструциялоодо коррупция иши боюнча айып тагылган. Жалпысынан ал 18 жылга эркинен ажыратылган.

ЖЭБ боюнча сот

Жогорку соттун соттук коллегиясы 2-мартта Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция ишин карап, адвокаттардын ишти жандандыруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Буга чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Жогорку сотко ишти жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган. Токтакуновдун айтымында, мамлекетке зыяндын кандай түрү келтирилгени так көрсөтүлгөн эмес.

«Соттун мурдагы өкүмдөрүндө “Сапар Исаков TBEA компаниясы менен сүйлөшүп алып, коррупцияга барган” деп айтылган. [...] Иште мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген деп жазылган эмес», — деп айтып берген адвокат.

Токтакунов эгерде ЖЭБди модернизациялоодо мамлекетке зыян келтирилсе, кытайлык өнөктөштөргө насыянын белгилүү бир пайызы төлөнбөйт деп эскертүү керек болчу деп эсептейт. Бирок мамлекет «насыянын үстөк пайызын ылдыйлатпастан төлөп беребиз» деп билдирген.

«Демек, мамлекет жабыркаган болуп туруп, эч нерсе уурдалбаганын мойнуна алып жатат», — деди ал.

Токтакунов Жогорку сот бул иш боюнча соттолгондорду актап чыгарыш керек болчу деп эсептейт.

ЖЭБдеги авария

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш иши 2018-жылы январдын аягында, жылуулук борборундагы жарылуудан кийин козголгон. Анын айынан шаардыктардын үйлөрүндө температура төмөндөп, ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Аварияга чейин ЖЭБ 386 миллион доллар насыянын эсебинен модернизацияланган болчу.

2019-жылы сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен «Улуттукэнергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевди 15 жылга эркинен ажыраткан. Кийин Калиевдин жаза мөөнөтү бир жылга кыскарган. «Электр станциялары» мамлекеттик компаниясынын директору Салайдин Авазовго 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Айыптоочу тарап камакка алынышын талап кылбаган жалгыз фигурант мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев эле. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берген. Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, 5 млн сом айыппулду төлөөгө милдеттендирилген жана 3 жыл мөөнөт менен мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыратылган.

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова дагы күнөөлүү деп табылып, 3 млн сом айыппулга жыгылган.

Айыптоочу тарап мамлекеттик «Электр Станциялардын» мурдагы башчысы Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди жаңыртуу боюнча башкаруу топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча 11 жылга эркинен ажыртууну суранган. Сот аларды күнөөлүү деп таап, 2,5 жылга эркинен ажыраткан. Алар жаза мөөнөтүн ТИЗОдо өткөргөндүктөн, сот залынан бошотулган.