«Карап коюш керек экен». Депутаттар сунушталган Баш мыйзамдагы беренелерди билбей коюшту

Sputnik.kg басылмасынын журналисти Эламан Кармышаков сунушталып жаткан Конституциянын жаңы долбоорундагы беренелер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында сурамжылоо жүргүздү.

Ал парламентарийлерден Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда 76-беренеден 88-беренеге чейин эмне жазылганын сурады — аталган беренелерде мыйзам чыгаруу органы, башкача айтканда Жогорку Кеңеш тууралуу жазылган.

Бирок сурамжылоого катышкан депутаттардын бири да туура жооп бере алган эмес. Алардын айрымдары долбоорду окуп чыга электигин айтышса, кээ бирлери жөн гана жооп берүудөн баш тартышты. Ал эми айрымдары эстей албай жатышканын айтышты.

Журналист алгач депутат Пархат Тулендыбаевге суроо узатты. Анда ал комментраий бербесин айтып шашып басып кетти. Ал эми депутат Рада Туманбаева «эмне жазылса да эл чечет» деп жооп берди.

«Референдумда эл чечет. Албетте кызыгып көрдү эмне жазылганына. [Ал жерде] бардык нерсе жазылган. Сиз да окудуңуз, мен да окудум. Эми сөздүн кыскасы эл чече турган болуп атат», — деди Туманбаева.

Депутат Тазабек Икрамов болсо «Конституцияны карап коюш керек» деп билдирди.

«Карап коюш керек да [...] Эми ал жерде беренелер көп да. Баарын эстей албайсың да», — деди Икрамов.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров «66-беренеден баштап президенттин, аткаруу бийлигинин жана парламенттин ыйгарым укуктары камтылганын» айтты. Анткен менен журналисттин «76-беренеден 88-беренеге чейин эмне жазылган» деген суроосуна так жооп бере алган жок.

Жогорку Кеңештин депутаттары 3-марттагы отурумда Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдумдун мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан. Мыйзам долбоордо референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталган — ал күнү бир канча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Добуш берүү учурунда отурумга расмий түрдө 96 депутат катталган — алардын 87 «макул», тогузу «каршы» болгон. Анткен менен Жогорку Кеңештин жыйын залында депутаттардын саны бир канча аз болгон. Sputnik басылмасынын сурамжылоосуна катышкан депутаттардын да дээрлик баары«макул» деп добуш беришкен.

Ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Дүйшөн Төрөкулов референдумду 11-апрелде өткөрүүгө «макул» болгону көрсөтүлгөн. Бирок Төрөкулов 15-январда коррупцияга жана рейдерлик басып алууга шектелип, эки айга тергөө абагына киргизилген болчу.

Депутат Дастан Бекешев отурумга келбеген депутаттардын ордунда алардын кесиптештери же такыр башка адамдар добуш берип жатканын тасмага тартып, соцтармактарга жарыялады. Анда, мисалы Акылбек Жапаровдун өзүнөн сырткары үч депутаттын ордуна добуш бергенин көрүүгө болот.

Президент өкмөттү да башкарат, депутаттар азаят, цензура болушу мүмкүн — Конституциянын жаңы долбоору