Депутаттар референдумду өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Добуш берүү кандай өттү?

Жогорку Кеңештин депутаттары 3-марттагы отурумда Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдумдун мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты. Мыйзам долбоордо референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталган — ал күнү бир канча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Отурумга расмий түрдө 96 депутат катталган — алардын 87 «макул», тогузу «каршы» болгон. Анткен менен Жогорку Кеңештин жыйын залында депутаттардын саны бир канча аз болгонун көрүүгө болот.

Депутат Дастан Бекешев отурумга келбеген депутаттардын ордунда алардын кесиптештери же такыр башка адамдар добуш берип жатканын тасмага тартып, соцтармактарга жарыялады. Мисалы Акылбек Жапаров өзүнөн сырткары үч депутаттын ордуна добуш берген.

Абакта отуруп «макул» болгон депутат

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Дүйшөн Төрөкулов референдумду 11-апрелде өткөрүүгө «макул» болгону көрсөтүлгөн. Бирок Төрөкулов 15-январда коррупцияга жана рейдерлик басып алууга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Ал эми 16-январда Биринчи май райондук соту Төрөкуловду эки айга тергөө абагына киргизген.

Каза болгон жана камактагы демилгечилер

Парламенттик отурумда депутат Рыскелди Момбеков референдум тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин арасында каза болгон Алмазбек Акматов жана УКМКнын тергөө изоляторунда отурган Кубанычбек Жумалиев болгонуна көңүл бурган.

«Коштоочу документ илинип турат, 1-мартта киргизилиптир. Анан 1-мартта кирген документте 65 депутаттын колу турат, айтып коюңуздарчы: Акматов Алмазды кечээ жерге бердик го. Ал кантип кол койду? Өлүп калган кишини кантип кол койдурдуңар? [...] Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатып кантип кол койду?» — деп суроо узатты Момбеков.

Ал эми спикер Талант Мамытов бул процедуранын «өзүнүн юридикалык жол-жобосу бар» болгонун айтып, бирок жол-жобону ачыктай алган жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент өкмөттү да башкарат, депутаттар азаят, цензура болушу мүмкүн — Конституциянын жаңы долбоору