УКМК: Депутат Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шектелип эки айга камалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

УКМК Жогорку кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду коррупцияга шектеп 15-январда Ош шаарынан кармады. Ал ошол эле күнү учак менен Бишкекке жеткирилген.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту Төрөкуловдун баш коргоо чарасын карап, аны эки айга УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алды.

Ошондой эле, атайын кызмат ыкчам иликтөө иш-чаранын алкагында кылымыштуу топтун дагы бир мүчөсү Жантай Шаменовду Чүй облусунан кармаганын маалымдады.

Учурда УКМК Төрөкулов жана Шаменов кайсыл ишке шектелип кармалганы тууралуу ачыктай элек. «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары башталды.

Дүйшөн Төрөкулов — «Душка»

Дүйшөн Төрөкулов — парламентте «Бир Бол» фракциясынан депутат, 2017-жылы Чолпон Жакупова мандатын тапшыргандан кийин анын ордуна келген. Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айэркен Саймаити менен тааныш болгон.

Ошондой эле, Төрөкулов 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого да аталган партия менен катышкан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгып, 5-октябрда өлкөдө башаламандык орун алган.

6-октярбда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов кызматынан кеткени айтылгандан кийин Төрөкулов өзүн Оштун мэри катары жарыялаган. Эртеси күнү Сарыбашовду колдоо митинги өтүп ал кызматына кайра кайтарылган.

Мындан сырткары Төрөкулов «Душка» каймана аты менен да таанымал. Калаанын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Төрөкуловду « “Душка” менин кадрым. Ал баланы Ош шаардык спорткомитетинин башчысы кылып дайындаганмын» деп айткан.