Өсүмдүк майы, нан, ун жана кумшекердин баасын үч соода тармагы жөнгө салат

Экономика министрлиги азык-түлүк товарларын өндүргөн, импорттогон жана сатыкка чыгарган ири бизнестин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушунун жыйынтыгында товарларды ташып келген жана сатыкка чыгарган ишкалардын ортосунда макулдашууга кол коюлду, ал 2021-жылдын 9-мартынан тартып күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот. Макулдашуунун негизинде өлкөдөгү ири соода тармактарында айрым товарларга коюлган баанын өсүшү тизгинделет.

«Макулдашуунун предмети болуп азык-түлүктүн 4 түрүнө бааны кармап туруу боюнча чараларды көрүү эсептелет: күн карама майы (премиум сегментсиз), 1-сорттогу ун, кумшекер жана 1-сорттогу ундан жасалган нан», — деп басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик Макулдашууга кол койгон ишкерлерге көрсөткөн социалдык жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирет жана бул макулдашуу «бизнес-коомчулуктун башка өкүлдөрү үчүн да кол коюуга ачык экенин» маалымдайт.

Бул эмнени түшүндүрөт?

Макулдашууга кол койгон «Глобус», «Народный» жана «Фрунзе» соода тармактары 2021-жылдын 1-июнуна чейин сөз болуп жаткан 4 товардын баасын макулдашуунун шарттарында көрсөтүлгөн эрежелер боюнча гана алмаштыра алышат. Мындайча, макулдашуунун мөөнөтү бүткөнгө чейин 1-сорттон жасалган бөлкө нандын социалдык баасы бул тармактардагы дүкөндөрдүн ар биринде 16 сомду түзөт.

Рафинаддалган (премиум-сегменттеги эмес) күн карама майынын кампадан дүкөндөргө өткөрүүдө коюлган үстөк баасы 5%дан ашпашы керек. Бул баада соода түйүндөрүнө чейин жеткирүү жана жеткирүүчүлөрдүн эсебинен башка чыгымдар камтылат. Ал эми күн карама майын сатып алуучуларга чекене түрдө сатууда да үстөк баа 5%дан ашпашы зарыл.

Кумшекер бонустук картасы болгон сатып алуучуларга макулдашуунун мөөнөтү боюнча эң көп 3% үстөк баа менен сатылат. Картасы жокторго үстөк баа 10%дан ашпайт.

Ошол эле учурда, ишкерлер бардык соода тармактар үчүн кумшекердин заводдон коюлган бирдиктүү баасы боюнча да макулдашышты — ар бир соода тармагы ай сайын бекитилген баа боюнча 200 тонна кумшекер алат.

«Кыргызстанда 2020-жылы өндүрүлгөн кумшекердин бекитилген баштапкы баасы 2021-жылдын 1-июнуна чейин соода тармактарына 54 сом/кг түздү», — деп баса белгиледи экономика министрлиги.

Белгиленген мөөнөттө дүкөндөргө кампадан өткөрүүдө 1-сорттогу ундун да үстөк баасы 5%дан ашпайт. Бул баада соода түйүндөрүнө чейин жеткирүү жана жеткирүүчүлөрдүн эсебинен башка чыгымдар камтылат. Унду дүкөндөрдө сатып алгысы келген кардарларга чекене сатыктагы үстөк баа 5%дан ашпашы зарыл.

*Мында эки түрдөгү баштыкка салынган ун жөнүндө кеп болууда — 1 кг таңгакта 2 түрү жана 5 кг таңгакта 2 түрү (биринчи баа сегментинде 4 артикул).

Азык-түлүктүн кымбатташы

Азык-түлүк баасы кескин кымбаттай турганын Улуттук статкомдогулар өткөн жылдын ноябрь айында эле айтып чыгышкан. Комитеттегилер 2020-жылдын башынан бери азык-түлүктүн ичинен көбүнесе кумшекердин, суу майдын жана мөмө-жемиштин баасы кымбаттаганын билдиришкен.

Андан тышкары, Улуттук статком кыргызстандыктардын 2020-жылдын сентябрь-январь айларына карата реалдуу кирешеси 5%га төмөндөгөнүн айткан. Реалдуу кирешенин төмөндөшү — бул азык-түлүк жана башка товарлардын баасынын кымбатташынын кесепети.

Тамак аштын бааларынын жогорулашы тууралуу маселе талкууланганына көп болду, бирок өкмөт абалды жакшыртуу үчүн олуттуу кадамдарга бара элек. Акыркы жолу өкмөт башчысы Улукбек Марипов өкмөттүн басма сөз жыйынында бардык тийиштүү ведомстволордун милдети — жарандарды азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо болуп саналарын айткан.

Марипов Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин азык-түлүккө болгон бааларды жөнгө салбай жатканы үчүн сынга алып, «актануудан ишке өтүп», реалдуу чара көрүп баштоо зарылдыгын билдирген.

Кийинчерээк Улуттук статком тамак-ашка болгон баалар 2021-жылдын январь айында 2020-жылдын январына салыштырмалуу орточо 18,5 %га кымбаттаганын билдирген — 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын январына дейре баа орто эсеп менен 1,7%га өскөн.

Тема боюнча окуңуз: Жумуртка жана уйдун боору — Статком кайсыл азыктар барынан тез кымбаттап жатканын айтты

Февраль айынын орто ченинде өкмөт башчысы Улукбек Марипов фейсбук барагында борбор калаанын базарларын кыдырып, азык-түлүккө болгон баа кымбаттаганын байкаганын айтып берген.

«Эмне үчүн мындай болгонун, буга чейин бааларды арзандатууга карай кандай реалдуу кадамдар болгонун талдап көрдүк. Кандай гана болбосун калк үчүн бааны арзандатуунун үстүнөн иштешибиз керек. Кеңешмеде тапшырма бердим. Биринчи кезекте, Орусия жана Казакстандагы ири товар ташуучулар менен сүйлөштүк», — деген Марипов.

Аткаминер ар дем алыш күндөрү айыл-чарба жарманкелерин өткөрүү керектигин, андан тышкары, азык-түлүктүн өсүмдүк майы сыяктуу айрым түрлөрү боюнча импорт алмаштырууга өтүү кажет экенин кошумчалаган.

Ошол эле убакта Улуттук банк баалар аткаминерлердин убадасына карабастан өсө берерин кабарлаган: Кыргызстандын азык-түлүк базары дүйнөлүк азык-түлүк базары менен байланыштуу, ал эми дүйнөдө азык-түлүктүн баасы токтобой өсүп жатат.

Ошондой эле, жакын арада Улукбек Марипов дагы айыл-чарба продукцияларынын баалары мындан ары да өсүшү мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, күйүүчү майлоочу каражаттар рыногунда баалар турукташтырылбаса, ушундай көрүнүш орун алышы ыктымал.