«Ташиев, Жапаровдун этегине намаз окуп жатасыңар». Акаев жана Төрөбаев кайым айтыша кетти

Жогорку Кеңештин депутаттары 10-мартта кезектеги отурумга чогулду. Анда депутат Бактыбек Турусбеков күн тартибине жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун киргизүүнү сунуштады. Бирок айрым депутаттар Жогорку Кеңештин регламенти бузулуп жатканын билдиришти.

Депутат Жанар Акаев референдум боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууга кайра кайтаруу керектигин айтты. Анын айтымында, долбоорду бекитүү үчүн конституциялык түзүлүш боюнча парламенттик комитет жыйын өткөргөн эмес.

«Төө десе, бээ деп жатасыңар да. Биз регламент боюнча кетели деген сөздү айтып жатсак чыгып эле “Конституцияны колдойбуз, Жапаровду колдойбуз” деп кыйкырып жатышат да. Туугандар Атамбаевдин учурунда антип-мынтип деп азыр баатыр болуштун кереги жок. Ал убакта силер Атамбаевге эмне дегенсиңер, анын берген жообу баарыбызга белгилүү. Эл абдан жакшы билет. Парламенттик башкаруу жөнүндө да көп нерселер айтылып кетти. Туугандар, мына азыр көбүңөр этегине намаз окуп аткан Ташиев, Жапаров ошол парламенттин үзүрүнөн келип, бул жерде Келдибеков төрага болгон. Биз Баш мыйзам тууралуу айткан жокпуз. Биз бүгүнкү регламент, күн тартибине киргизген мыйзамсыз деп, биз ошону айтып жатабыз. Биздин сунушубуз так, даана белгилүү — азыркы Баш мыйзамга тийбеш керек. Диктатуралык, жеке басар бийликти орнотконго каршы болушубуз керек. Бир дагы беренеге тийбей кетиш керек деген сөз. Регламент эмес, Баш мыйзам да азыр бузулду. Азыр аракеттеги Конституция менен жашап жатабыз да», — деди Акаев.

Ошондой эле Акаев кечээ президенттин аппарат башчысы өкмөт мүчөлөрүн топтоп өлкөнүн өнүгүү стратегиясын талкуулаганын жана бул Баш мыйзамга карама-каршы келгенин белгиледи.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Акаев өз сөзүндө аны кыйытып өткөнүн айтып депутат менен айтыша кетти.

«Мен бир президенттин дагы “баласы” болгон эмесмин. “Президент мага айткан сындар — мага дары” деп коём. Аны коркпой эле айтам, уялбайм андан. Ал киши [Алмазбек Атамбаев] өз ыктыяры менен кеткен, биз ага баа бердик. Бирок баласы атасын саткан — бул чоң күнөө. Эч качан унутпагын. Сен ким элең, ким болдуң? Мен сага тийишпей сүйлөдүм эле. Ошондуктан сен мага кыйытып сүйлөбөй жүргүң. Уктуңбу, иним!» — деди Төрөбаев.

Ал убакытта спикер Талант Мамытов кесиптештерин күн тартибине кайтууну сунуштады. Бирок Жанар Акаев Төрөбаевге кайрылып, Атамбаевдин учурунда мыйзамсыз нерселер болуп тургунда унчукпай отургандардын арасында ал да болгонун эскертти.

*Акаев 2015-жылы президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген. Ошол эле жылы ал Атамбаевдин КСДП партиясынан алтынчы чакырылыштын депутаты болуп шайланып, бирок 2017-жылы фракциянын катарынан чыгарылган. Буга депутаттын позициясы КСДП менен дал келбей калганы себеп болгон.

«Мен сиздин атыңызды атабай, сизге комментарий бербегенден кийин сиз ушинтип чыгып алганыңыз туура эмес. Экинчиден, мен ошол убакытта Атамбаев менен иштегениме азыр дагы сыймыктанам. Анткени, биз болгонун болгондой айтып турганбыз. Ошондо силер бул жерде канча мыйзамсыз нерселер болгондо унчукпай отурдуңар. Мен сиздин ордуңузда болгондо такыр чыгып сүйлөбөйт элем микрофонго. Моралдык дагы укугуңуз жок болчу. Улам келген президенттердин этегине намаз окуп… Өзүңүз айтып жатасыз, атаңыздын татыктуу уулу боло алган жоксуз, керек болсо. Атаңыз ушул жерде депутат болгон. Чыгып алып кайра ата-бала деп башка нерселерге асылып отурасыз, уялбай», — деп Акаев жооп кайтарып жатканда анын микрофону өчүрүлдү.

Спикер Талант Мамытов депутаттарга кайрылып жеке жактарга өтпөөгө чакырды.

Андан кийин Төрөбаев кайра микрофонго чыгып намазды өзү үчүн окуганын айтып, Акаевге «президенттер менен намаз окуганымды көрдүң беле?» деген суроо салды.

«2016-жылы сен бул жерде эмне болдуң эле? “Балашка” деп, сен эмес белең. Сени өстүргөн ошол киши, сени көтөргөн ошол киши [...] Мен бир да президентке милдет койгон эмесмин. Баарын аткарам же муну жасайм деп айткан эмесмин. Ошондуктан сен ким ким экенин билип алгының. Ошол Атамбаевде сен жүргөнсүң намаз окуп. Сен айткан жумуштарын аткаргансың. Ошондуктан иним, сен мага акыл үйрөтпөгүн. Далил менен айткының...», — деп жооп кайтарды Бакыт Төрөбаев.

Жанар Акаевдин «балашка» аталышы

Мурдагы президент Атамбаев 2016-жылдын ноябрь айында депутат Жанар Акаевдин шайлоого кетирилген чыгымдарын көтөрүп бергенин айткан. Мындай билдирүүнү Атамбаев депутат анын соңку саясатын сындагандан кийин жасаган.

Ошол учурда Акаев Кыргызстанды өнүктүрүү керектигин айтып, мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев буга «жолтоо болуп жатабы» деген суроо салган.

«Биздин бир жаш балабыз Жанар Акаев айтыптыр "Акаев менен Бакиевдин эмне залакасы бар" деп. Ал “балашка” билбейт го. Анткени анын шайлоодогу каражатын биз көтөрүп бергенбиз. Бирок Акаев менен Бакиевдердин азыркы күнгө чейин каражаттары келип жатат да. Анткени алар жооп бергиси келбейт. Бул жакка катып жыйган мүлктөрү дагы эле бар, күнөөлөрү бар. Ошондуктан алар референдумду өткөртпөө үчүн жанталашпадыбы. Анткени референдумдан кийин “Кумтөр” боюнча маселенин баарын көтөрөбүз. Миң тонна алтын ит бекер кетип калды, ошого кредит алып жатабыз», — деп жооп кайтарган Атамбаев.

«Бизди анча-мынча сындадыңыз. Бышырдыңыз дегендей»

2017-жылдын ноябрь айында Атамбаев бийлигин Сооронбай Жээнбековго өткөрүп бергенден кийин депутат Бакыт Төрөбаев мурдагы президенттин ишин баалай турганын айтып ыраазычылык билдирген.

«Урматтуу Алмаз Шаршенович, 2040-жылдын стратегиясына чоң салым коштуңуз. Сиз Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылык билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз. Бышырдыңыз дегендей», — деген Төрөбаев

Атамбаев болсо «дары болсун» деп жооп берген.

«Ар ким президент боло албайт. Сиз президент болдуңуз. Алты жыл иштедиңиз. Сизди президент катары, саясатчы катары, адам катары сыйлайбыз. Бүгүн Алмаз Шаршенович, мындай айтканда, 2040-жылга чейинки стратегияны, эстафетанын чуугун жаңы президентке берип жатат. Муну кийин биз айтабыз, анан биздин балдар айтат. Бул күн тарыхка жазылат», ー деп жыйынтыктаган сөзүн Төрөбаев.