Үй камагына чыккан Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин жыйынына келди

Сүрөт: Бакыт Төрөгелди уулу

УКМКнын ТИЗОсуна камакка алынган депутат Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин 11-марттагы жалпы жыйынына келди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аны 10-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту үй камагына чыгарганын билдирди.

«Жактоочулардын өтүнүчү менен чыгарышты. Мага коюлган айып боюнча баарыңар эле билесиңер, андыктан мени абакта кармоого негиз деле болбоду окшойт», — деди депутат.

Төрөкулов Оштогу терини кайра иштетүүчү заводду басып алууга жана коррупцияга шектелип УКМК тарабынан 15-январда кармалган. Кийин ал атайын кызматтын ТИЗОсуна киргизилген.

Ал ошондой эле, өзүнө коюлуп жаткан айыптардын бардыгын жалаа деп атап, жакынкы күндөрү сот дагы тийиштүү чечимди чыгарарын айтты. Төрөкулов ага жасалган мындай аракетттерди саясий куугунтук деп эсептебейт. Болгону өлкөдө бийлик алмашкандан кийин болуп жаткан процесстерге туш келип калганына байланыштырат.

«Саясий деле куугунтук деп эсептебейм. Негизинен мага даттангандар болуп жатпайбы. Бүгүн болуп жаткан учурдагы программага туш келип калдык окшойт», — деди эл өкүлү.

«Жапаровго бөркүмдөй ишенем»

Жаңы Конституция боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш бергендердин катарында Дүйшөн Төрөкулов дагы болгон. Бирок ал кантип добуш берип калганы талкуу жараткан. Себеби, добуш берилген учурда ал УКМКнын ТИЗОсунда камакта болчу. Төрөкулов ал мыйзам долбооруна кантип добуш берип калганын мындайча түшүндүрдү.

«Ишеним катты Акылбек Жапаровго кагаз жүзүндө СИЗОдон ошол жактагы кызматкерлер аркылуу бергем. Ошонун негизинде добуш берилген. Жапаровго “сизге бөркүмдөй ишенем, сиздин чечимиңиз менен толугу менен макулмун” деп бергем», — деди ал.

Анткен менен ал журналисттердин «Сиз кайсы мыйзам долбоору боюнча ишеним кат бергенсиз?» деген суроосун жоопсуз калтырды.

Өткөн жумада, тактап айтканда 3-мартта Конституция боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган. 11-марттагы жыйында ага экинчи-үчүнчу окууда да добуш берилери айтылууда. Анткен менен ал жыйындын бүгүнкү күн тартибине кирген эмес.

Дүйшөн Төрөкулов — «Душка»

Дүйшөн Төрөкулов — парламентте «Бир Бол» фракциясынан депутат, 2017-жылы Чолпон Жакупова мандатын тапшыргандан кийин анын ордуна келген. Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айэркен Саймаити менен тааныш болгон.

Ошондой эле, Төрөкулов 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого да аталган партия менен катышкан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгып, 5-октябрда өлкөдө башаламандык орун алган.

6-октярбда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов кызматынан кеткени айтылгандан кийин Төрөкулов өзүн Оштун мэри катары жарыялаган. Эртеси күнү Сарыбашовду колдоо митинги өтүп, ал кызматына кайра кайтарылган.

Мындан сырткары Төрөкулов «Душка» каймана аты менен да таанымал. Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Төрөкуловду «“Душка” менин кадрым. Ал баланы Ош шаардык спорткомитетинин башчысы кылып дайындагам» деп айткан.

Үй камагы деген эмне?

Үй камагы айыпталуучунун эркин жүрүүсүн чектейт. Андан тышкары, белгилүү бир адамдар менен баарлашуу, кабар алып-жөнөтүү, күнү-түнү же күндүн анык бир маалында турак жайдан чыгуу, соттун уруксаты жок административдүү аймактын чегинен тышка кетүү, телефон жана Интернет пайдалануусуна тыюу салынат.

Тергөө соту өз токтомунда үй камагынын шарттарын: анын мөөнөтүн, шектелген кишинин ордун, шектелүүчү же айыпталуучуга тыюу салуулар жана/же чектөөлөрдү белгилейт. Ошондой эле, токтомдо коюлган чектөөлөрдүн сакталышын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн орган же кызматтык өкүл да көрсөтүлөт. Көзөмөлдөө үчүн ар кыл техникалык-аудиовизуалдык же электрондук каражаттар пайдаланылат. Башкысы, алар мыйзам чегинде колдонулууга тийиш. Эгер адам үй камагынын шарттарын буза турган болсо, анда ал камакка алынат.