Бишкек менен Нарындагы абактагылар нааразы болуп оозун тигип алышты

Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында кармалып отурган үч жаран оозун тигип алды. Kaktus.media басылмасынын маалыматына карганда, алар Марс Жусупбековдун жетекчи болуп дайындалышына нааразы.

Жусупбеков №1 тергөө абагынын жетекчиси болуп үстүбүздөгү жылдын 4-мартынан тарта иштеп баштаган.

Окуя боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы азырынча маалымат бере элек.

Марс Жусупбековго буга чейин 2014-жылы бир нече кылмыш иши коголуп, ал УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Кийинчерек Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны «Кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча төрт жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми Октябрь райондук соту Жусупбековду кылмыштын курамы жок болгону үчүн актаган. 2020-жылдын 21-майында Жогоку соттун судьялар коллегиясы райсоттун чечимин күчүндө калтырып, Жусупбековго козголгон ишти толугу менен жокко чыгарган.

Нарындагы окуя

Ушундай эле окуя 11-мартта Нарын облусунда да катталды. Анда №24 тергөө абагында отурган киши оозун зым менен тигип, ачкачылык жарыялаган. Бул тууралуу «Клоопко» Акыйкатчы инситутунун Нарын облусундагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев тастыктады.

«Бизге Кочкор райондук соту тарабынан соттолуп, СИЗО-24 абагында жаткан Ү.М.Ж аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында соттун чечимине нааразы экенин жазган. Себеби “мен адам өлтүрбөсөм эмнеге 15 жылга эркиндиктен ажыратат” деген жүйө менен арыз жазып ачкачылык жарыялап оозун тигип салган», — деди Жаанбаев.

Ошондой эле Жаанбаев буга чейин ал киши 3-4 жолу соттолуп чыкканын кошумчалады.

Учурда окуя боюнча кайра териштирүү иштери башталып, соттолгон жаран ачкачылык акциясын ошол эле күнү токтоткон.

Кыргызстанда соттолгондордун мындай акциясы буга чейин дагы катталып, Чүйдөгү №16 тергөө абагында 3 киши оозун тигип алган. Кармалгандар колония жетекчилигинин аларды айып камерасына кармоо тууралуу чечимине каршылык билдиришкен.