Бишкекте курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан кулаган кишиге операция жасалды

Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 18 жаштагы жигит 9-кабаттан кулап түштү. ЖМКлар окуя «НБК Курулуш» компаниясы салып жаткан «Немецкий квартал» көп кабаттуу үйүндө болгонун жазышты.

Эскертүү: Бул видеодо адамдын бийиктиктен кулап түшкөн сценалары бар. Эгерде бул нерсе сизге жагымсыз сезимдерди калтырса, көрбөңүз.

Жабыркаган куруучу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлердин алдын ала диагнозуна ылайык, анын мээси чайкалып, эки буту жана ийиндери сынган.

«Акипресс» басылмасы учурда бейтаптын абалы орто оор экенин жазды.

«Бейтапка операция жасалып боору тигилди. Учурда анын колу-бутуна операция жасоо пландалып жатат», — деп жазды басылма.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча «Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Жабырлануучунун ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.