Бишкек шаардык соту коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди 5 млн сом айыпка жыкты

10-мартта Бишкек шаардык соту коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине билдирди.

Сот Өмүралиевге карата мамлекеттин пайдасына 5 млн сомду төлөө өкүмүн чыгарды. Өмүралиевдин иши боюнча дагы бир нече айыпталуучу болгон, бирок сот аларга карата «иштин мөөнөтү өтүп кеткенине» байланыштуу эч кандай жаза берген эмес.

Ошол эле учурда, сотто башка айыпталуучулардын аты-жөнү айтылган жок. Өмүралиев өкүмдүн үстүнөн Жогорку сотко даттана алат.

Батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши

2017-жылы Биринчи май райондук соту Өмүралиевди жана бул иш боюнча айыпталып жаткан башка аткаминерлерди кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Мурдагы министр 5 млн сом айыпка жыгылып, генерал-майор наамынан ажыратылган. Ошондо Бишкек шаардык соту Өмүралиевге айып пул салуу айыбын гана калтыруу менен генерал-майор наамын кайтарып берген. Жогорку сот ишти Биринчи май раондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Кийинчерээк, 2020-жылдын октябрь айында, Өмүралиев Генералдык штабдын жетекчиси катары дайындалганда, Биринчи май райондук соту жана аны менен чогуу бул иштин фигуранты болгон дагы он кишини актап чыгарган.

Алардын арасында, Коопсуздук кеңешинин башчысынын мурдагы орун басары Жаныбек Капаров, Башкы штабдын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Кубанычбек Орозматов, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Нурбек Дүйшөналиев болгон.

Булар Бишкектин «Жал» кичи районундагы аскер кызматкерлери үчүн курулган батирлерди бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөлөрү болгон. Эми шаардык сот аны кайра күнөөлүү деп тапты.

Өмүралиевдин дайындалышы

Өмүралиев 9-октябрда, парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен кийин Башкы штабдын башчысы болуп дайындалган. Буга чейин Башкы штабды Райымберди Дүйшөнбиев жетектеген.

Кийин өкмөт кайрадан түзүлүп, Коргоо министрлиги пайда болгондон кийин президент Садыр Жапаров 3-февралда Өмүралиевди министр кылып бекиткен.

Таалайбек Өмүралиев Кыргызстандын коргоо министри болуп, экинчи жолу дайындалууда. Ал бул кызматта биринчи жолу 2011-жылдан 2014-жылга чейин иштеген. Мындан кийин анын биографиясында алты жылдык боштук жаралган. 2020-жылдын октябрь айында ал башкы штабдын жетекчиси болгон. Ал эми 2021-жылдын 4-февралында коргоо министри болуп кайрадан дайындалган.