Коронавирустун 55 жаңы учуру катталып, 56 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 17-мартта өлкөдө коронавирустун 55 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 30. Ошондой эле Чүй облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда беш, Нарын облусунда төрт, Ош шаарында эки жана Ош облусунда бир кишиден аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада COVID-19дан 56 бейтап айыкты. Коронавирустан Бишкек шаарында — 26, Чүй облусунда — 15, Ысык-Көл облусунда — 12, Нарын облусунда эки жана Ош облусунда бир бейтап айыкты.

Мындан сырткары илдеттен Чүй облусунда бир бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 87 045ке жетти. Алардын ичинен 83 980 бейтап айыгып, 1 485 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 333 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 18 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 307 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.