Жапаров Жерүй кенинде митингчилер менен жолукту

17-мартта Талас облусунда Жерүй кенине жакын жерде Кара-Ой айылынын тургундары митингге чыкты. Бул тууралуу Kaktus.Media кабарлады.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Клооптун» журналистине бул маалыматты ырастады. Ал Жапаров митингге чыккандар менен жолугуп, алар менен бардык маселелерди талкуулаганын кошумчалады.

Байтерек президент митингчилер менен кандай маселелерди талкуулаганын так кесе айткан жок, бирок ал «президент алардын дооматтарын укканын жана ал маселелерди чечсе болот» деп кошумчалады.

Kaktus.Mediа басылмасынын маалыматына караганда, митингчилер кен казуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгүн жакынкы айылдарга жумшоону талап кылган. Анткени кен казууда жергиликтүү калктын ден соолугуна залал келет.

Президенттин басма сөз катчысы тургундарга жолуккандан кийин Жапаров алтын комбинаттын расмий ачылышы пландалган кенге жөнөп кеткенин билдирди.

Буга чейин, алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышына Орусиянын Президенти Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу катышарын президенттин басма сөз кызматы 16-мартта кабарлаган.

Жерүй кениндеги иштин токтошу

Жерүй кениндеги завод 2020-жылдын 6-октябрынан бери иштебей турат. Борбор калаада бийлик алмашып, башаламандыктар болуп турганда, аймактарда белгисиз адамдар Жерүй алтын кенине кирип барып, ал жактагы мүлктөрдү тоноп башташкан. Алар андан соң компаниянын бир имаратын өрттөп, кампаны талап-тоноп, бир унаанын терезелерин чагып салышкан.

Жерүйгө болгон кол салуудан 15 млн доллар чыгым келтирилген. Милиция ишканадагы башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ал убакта премьер-министрдин жана президенттин м.а. болуп турган Садыр Жапаров Жерүй жана башка кендердеги тополоңдор өкүнүчтүү экенин айткан, себеп дегенде бул экономикалык кризисти күчөткөн. Анткен менен Жапаров тополоңго жана чоочун мүлктү талкалоого катышкан айылдыктарды коргоого алган.

Кийинчерээк таластыктардын өкүлү инвесторлорго талап койгон: кенди иштетүүдөн түшкөн үлүштүн 50%ын аларга, же мамлекетке берүү жана иш шартын кайра карап чыгуу. Алар инвесторлорго шарттарга көнүү үчүн «Жаңы жылга чейин» убакыт беришкен.

Дагы караңыз:

Өкмөт: Жерүй жаз алды менен иштеп баштайт