Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду мамлекетке 150 млн сом зыян келтирген — Башкы прокуратура

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 2015-жылдан 2020-жылга чейин мамлекетке 150 млн сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Өнүктүрүү фонду эмне боюнча шектелүүдө?

Прокуратурадан белгилешкендей, фонд «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан жыл сайын түшкөн акчаны эффективдүү эмес колдонуп, ыксыз коротууларга жол берген.

* Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун негизги максаты — Ысык-Көл облусунда социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын бюджеттен тышкары каражаттар менен каржылоо.

«Фонддун каражаттары узак мөөнөттөн бери такай облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө тиешеси жок башка максаттарга негизсиз пайдаланылып келген», — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Прокуратура берген маалымат боюнча, ар кандай объектилердин курулушун жана оңдоп-түздөө иштерин каржылоо сметалары тийиштүү долбоорлоо-смета документтери жок түзүлүп, бекитилип келген. Аларды Фонддун башкаруу органдарынын кызмат адамдары өздөрүнүн субъективдик чечимдери боюнча гана түзүп коюшкан.

Бирок, бул иштерге бөлүнгөн акча каражаттарынын максатка ылайык колдонулушун эч ким көзөмөлдөгөн эмес, мунун кесепетинен акчалардын чоң бөлүгү жасалма документтерди түзүү жолу менен сол чөнтөктөргө түшүп турган.

«Жогорудагы жагдайлар, мамлекеттик каражаттарды жеке тараптардын тескөөсүнө өткөрүп берүү аркылуу ыйгарып алуу үчүн фонддун башкаруу органдарында туруктуу коррупциялык схема түзүлгөндүгүн айгинелейт», — деп белгилешет Башкы прокуратурадан.

Көзөмөл органы бул иш 5-мартта КЖБРге «Коррупция» беренеси менен катталып, материалдарды иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлгөнүн маалымдады.

Мурдагы жылдары да Фонд бир нече жолу коррупциялык жаңжалдардын очогунда болгон. Мисалы, 2020-жылдын декабрь айынын башында Башкы прокуратура Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Башкаруу дирекциясынын кызматкерлери мамлекетке 13 млн сом зыян келтиришкенин маалымдаган.

Алар 2015-2019-жылдар аралыгында ар кандай объекттерди куруу келишимдерин түзүп, документтерде айрым иштердин баасын жогору жазып, иш жүзүндө аткарылбаган эле иштерди көрсөтүшкөн.

Фондго акча кайдан келет?

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун акча каражаттары «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан берилген «Ысык-Көл салымынын» эсебинен жана Кыргызстандын мыйзамына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен чогулат.

Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компани» ишканасы жыл сайын аталган фондко бир жылдык кирешесинин 1% төгөт. 2020-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна компаниядан 781 млн сом келип түшкөн.