Бишкекте Ноорузга арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт — мэрия

Бишкекте быйыл Нооруз майрамына арналган иш-чаралар өткөрүлбөйт. Мындай чечим жарандар арасында коронавирус жуктургандардын саны күн сайын өсүп жатканына байланыштуу кабыл алынды.

«COVID-19 коронавирустук инфекциянын кесепетинен оорунун жайылышына жол бербөө максатында, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссия Бишкек шаарынын аймагында “Нооруз” майрамына арналган массалык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартуу чечимин чыгарды», — деп мэрия кабарлады.

18-мартка карата берилген расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруунун алгачкы учуру катталышынан бир жыл өткөндөн кийин ооруга чалдыккандардын саны 87 143кө жетти. Өткөн суткада ооруп калгандардын катарына дагы 98 бейтап кошулду.

Кыргызстан вакцинацияга даярдык көрүүдө — Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, марттын аягында же апрелдин башында жарандарды эмдөө иштери башталат. Кыргызстанга вакцинанын бир нече түрү, алардын ичинде орусиялык жана кытайлык вакциналар да келет.