Коронавирустан эки киши каза болуп, 96 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 19-мартта өлкөдө коронавирустун 96 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында эки медкызматкер бар.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 43;

Чүй облусунда — 35;

Ысык-Көл облусунда — 8;

Нарын облусунда — 3;

Ош облусунда — 3;

Ош шаарында — 2;

Жалал-Абад облусунда — 2.

Ошондой эле акыркы суткада COVID-19дан 53 бейтап айыкты. Коронавирустан Бишкек шаарында — 29, Чүй облусунда — 19, Ысык-Көл жана Нарын облустарында экиден, Жалал-Абад облусунда бир бейтап айыкты.

Мындан сырткары илдеттен Бишкек шаарында эки бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 87 239га жетти. Алардын ичинен 84 084 бейтап айыгып, 1 487 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 400 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 20 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 324 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.