Ош ШИИБдин 27 кызматкеринин жубайына атайын медаль тапшырылды

Ош ШИИБдин кызматкерлеринин жубайлары. Сүрөт: Ош ШИИБдин басма сөз кызматы

Ош ШИИБдин башчысы Акылбек Мамасейитов 19-мартта кызматкерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалдарын тапшырды. Ал куттуктоо сөзүндө офицерлердин жубайларына ыраазычылык билдирди.

«Эрте менен кызматка кетип, кеч кайткан биздин кызматкерлерди туура түшүнүп, жакындан жардамыӊарды берип, күч-кубат болуп турганыӊыздар үчүн сиздерге өзгөчө алкыш айтмакмын. Бүгүнкү сыйлыгыӊар кут болсун!» — деди Мамасейитов.

Мындан тышкары «Нооруз» майрамынын алдында 17 кызматкер кезектеги атайын наамдарын алышты жана 29 кызматкер 1-2-3-даражалардагы «Азамат» медалдарына ээ болушту.