Өзгөндө белгисиз киши үч кишиге ок чыгарып, экөө жеринде каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Өзгөн районунда 19-мартка караган түнү октон жарадар болуп эки киши каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Аширбаевдин айтымында, Өзгөн шаарынын үч тургуну жеңил унаада шаардын Ленин көчөсүндө токтоп турушкан. Ал арада тургундардын унаасынын жанына белгисиз унаа токтоп, андагы киши аларга карата ок чыгарган. Андан соң изин жашырып кеткен.

Жабырлануучулардын экөөсү ооруканага жетпей каза тапкан. Алар 21 жана 31 жашта болушкан. Ал эми үчүнчү кишиге ок тийген эмес. «Турмуш» басылмасы маркумдар шаардык базарда соодагер болушканын жазды.

Ошондой эле Аширбаев кылмышка шектүү изделип, унаасынын номуру жана маркасы такталып жатканын кошумчалады.

Аталган факт Өзгөн РИИБинде «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.