Баткендин Кулунду айылында жаңы оорукананын курулушу башталды

Сүрөт: Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы

Баткен облусунун Кулунду айылында 22-мартта Жалпы дарыгерлик-практика борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды. Имараттын курулушу 28 млн сомго бааланууда. Оорукананы «Ас-Сафа-Борбору» коомдук бирикмеси каржылоого алды.

Курулуштун башталышына облус башчысы Өмүрбек Суваналиев да катышып, капсула салды. Бейтапкана үстүбүздөгү жылдын октябрь айында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Жалпы дарыгерлик-практика борборунун аянты 510 метр квадратты түзүп, имарат эки кабаттан турат. Анын ичинде хирургия, жандандыруу бөлүмдөрү жана дарыгерлер менен медайымдар бөлмөлөрү болот. Ошондой эле палаталар менен камсыздалат.

Мындан сырткары «Ас-Сафа-Борбору» ооруканага медициналык шаймандарды, каражаттарды жана жабдууларды орнотуп берет.

ССМдин маалыматына ылайык, «Ас-Сафа-Борбору» коомдук фонду Кыргызстанда 30 фельдшердик-акушердик пунктту, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн 10 имарат, төрт төрөт үйүн, майыптар үчүн эки имарат, эки Энеликти жана баланы коргоо улуттук борборун пайдаланууга берген.