Шыкмаматов Жерүй тууралуу: Түшкөн пайданы эмес, алтынды бөлүш керек болчу

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Жерүй боюнча түзүлгөн келишимде түшкөн пайданы эмес, казылган алтынды бөлүү керек деп жазуу максатка ылайык болмоктугун «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

Себеби, Шыкмаматов инвестор түшкөн пайданы толук көрсөтпөй, аны жашырып коёрун белгиледи.

«10-20 жыл мурда келишим түзүлүп жатканда кен байлыктар бизге алтын түрүндө өтсүн, инвесторго дагы пайызы алтын түрүндө өтсүн деш керек эле. Биз пайданы эмес, алтынды бөлөлү дешибиз керек болчу. Себеби алар түшкөн пайданы көрсөтпөй коюшат экен. Алтынды бөлөлү деген келишимди ушул келишимдер түзүлгөнгө чейин мыйзамдарды кабыл алып тыпырайтып койсок, тарыхый катаны кетирбейт элек», — деди Шыкмаматов.

Ал ошол тарыхый каталардын азабы эл ушул убакка чейин көрүп келе жатканын айтып, кендин айланасында болуп жаткан чырлар, кайым айтышуулар, коомдо болуп жаткан тирешүүлөр ушунун айынан экенин кошумчалады.

Жапаров ошондой эле, аталган кенде мамлекеттин үлүшү сөзсүз болушу керектигин белгилеп, бирок ал келишимди эми өзгөртүү мүмкүн эместигин айтты.

Ал эгерде Жерүй боюнча келишим бүгүн түзүлө турган болсо азыркыдай келишим түзмөк эместигин айтты.

«Ошол келишимди бүгүн түзө турган болсок, мен мындай келишим түзбөйт элем, сөзсүз түрдө мамлекеттин үлүшү болсун деп түзөт элем, жеке мага суроо болсо. Цивилдүү элбиз десек бизде улап кетүүчүлүк болушу керек. Бул келишим убагында ошентип түзүлүп калса, азыр [жакшы] түзүлбөй калыптыр деп барып, баарын кубалай албайбыз. Эмнеге? Себеби, ал мүмкүн эмес», — деди Шыкмаматов.

Жерүйдүн тарыхы

Жерүй — алтын кени Талас облусунда жайгашкан, алтындын запасы боюнча Кыргызстанда экинчи орунда турат. Ал 1969-жылы ачылган. Жерүй кенинде 80-96 тонна алтын жана 10-13 тонна күмүштүн запасы бар деп бааланып келет.

Кенди иштетүү үчүн лицензияга казакстандык «Visor» компаниясынын курамына кирген «Жерүйалтын» ЖАК ээлик кылган. Бирок 2010-жылы Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтыргандан кийин документ жокко чыгарылып, «Visor» эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, кен иштетүү укугун кайтарып алууга аракет кылганына карабай, алтын кени сатыкка коюлган.

Кен иштетүүгө үч компания талапкер болгон: Кыргызстандын «Кыргызалтын» ишканасы, Орусиянын «Алданзолото ГРК» жана «Восток-геолдобыча» ишканасы. Уткан компания кен гана иштетпестен, «Visor» компаниясына келтирилген чыгымдын ордун толтуруп бериши керек болчу: казакстандык инвесторлор 548 млн долларлык доосу менен Вашингтондогу Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго кайрылышкан.

Жерүйдү иштетүү укугун 2015-жылы Муса Бажаевге таандык «Русская платинанын» туунду компаниясы «Восток-геолдобыча» 100 млн долларга утуп алган.

Бирок ишти баштоого дароо эле мүмкүн болгон эмес: экологиянын бузулушуна кабатыр болгон таластыктар бир нече ай бою кенди иштетүүгө каршы митингге чыгышкан.

2015-жылдын жай айларынын аягында «Visor» менен «Восток-геолдобыча» тынчтык келишимин түзүп, казакстандык мурдагы инвесторлор доосунан баш тартышкан. «Восток-геолдобычанын» кыргыз туунду «Альянс Алтын» компаниясы ишти баштап, алтын өндүрүүчү фабриканы куруш үчүн Германиянын Engineering Dobersek GmbH компаниясын тарткан.

2019-жылдын ноябрь айында 300 млн АКШ доллар салынып, фабрикада алгачкы тоо иштери башталган. Жерүй бюджетке жыл сайын 600 млн АКШ долларын төгүп турары күтүлгөн, ошондой эле объектиге Казакстандагы ушундай ишканаларда үйрөнүп келген таластыктар тартылган.

Жерүйдөгү иштин токтошу

Жерүй кениндеги завод 2020-жылдын 6-октябрынан бери иштебей турат. Бийлик алмашып, башаламандыктар болуп турганда, аймактарда белгисиз адамдар Жерүй алтын кенине кирип барып, ал жактагы мүлктөрдү тоноп башташкан. Алар андан соң компаниянын бир имаратын өрттөп, кампаны талап-тоноп, бир унаанын терезелерин чагып салышкан.

Жерүйгө болгон кол салуудан 15 млн доллар чыгым келтирилген. Милиция ишканадагы башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

2021-жылы 17-мартта Жерүй алтын кениндеги алтын өндүрүүчү ишкананын ачылышына президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин катышкан. Орус президенти иш-чарага онлайн түрүндө катышкан.

Дагы окуңуз:

Жапаров Жерүй кенинде митингчилер менен жолукту

Чолпон Жакупова бизнеске кысым болуп жатканын айтып, президентке кайрылды