Чолпон Жакупова бизнеске кысым болуп жатканын айтып, президентке кайрылды

«“Адилет” укуктук клиникасы» коомдук фондунун жетекчиси Чолпон Жакупова 15-мартта президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жаcады.

Жакупова өз кайрылуусунда президенттен Кыргызстанда экономикалык ишмердикти жүргүзүү үчүн калыс жана жагымдуу эрежелерди, мыйзамдын үстөмдүгүн жана сот бийлигинин чыныгы көз карандысыздыгын камсыз кылып берүүгө чакырды.

Мындан тышкары, ал президент чыгарган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнүн эффективдүү системасын уюштурууну суранды.

Жапаровдун жарлыктары, аларды туура эмес аткарган күч органдары

Жакупованын айтымында, жарандар президенттин бизнести коргоо боюнча 29-январда жана 4-мартта чыгарган жарлыктарын кош колдоп колдошот. Анын ою боюнча, бул жарлыктар — түзүлүп жаткан кырдаалга карата «керектүү жана өз убагындагы реакция» болуп саналат.

* Жапаровдун эки жарлыгында тең бизнести фискалдык, укук коргоо, текшерүүчү органдардын жүйөсүз жана көзөмөлсүз кийлигишүүсүнөн коргоо зарылчылыгы тууралуу айтылган.

«Сиз ыйгарым укуктуу органдардын бизнестин ишмердигине мыйзамсыз кийлигишүү практикасына тыюу салуу зарыл экени боюнча айткан сөзүңүздө калыстык бар», — деп кайрылууда айтылат.

Бирок, Жакупованын айтымында, азыр коррупция менен жигердүү күрөш дүркүрөп жүрүп жаткан кезде, күч органдары президенттин жарлыктарын жамынып алып, «бизнеске мурда болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүп жатышат».

«Акыркы убактарда кеңири колдонулуп жаткан “адилеттүүлүк менен түзгөн келишимдерди” өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Соттук-укуктук реформанын бул новелласы кылмыш иликтөө ыкмаларын жакшыртууга, тергөө жана сот органдарына түшкөн жүктү жеңилдетүүгө багытталган. Ошол эле учурда, иш жүзүндө укук коргоо органдары ушул процессуалдык куралдын маңызын бузуп коюшууда. Бул тергөө менен кызматташууну кыянат максатта колдонуу коркунучун жогорулатат», — деп айтылган кайрылууда.

Жакупованын айтымында, ишкерлер камакка алынууда, ошол эле кезде алардын банктардагы эсептери да камалып, кампаларда, кеңселерде тинтүү жүргүзүлүүдө. Жакупова азыркы учурда «ишкерлер үчүн калыс сот адилеттиги дээрлик кол жеткис» экенин баса белгилейт.

Бизнестин абалын начарлата турган Конституция

Жакупова аткаруу бийлигинин жана Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктарын кыйла күчөтүүгө жол берген конституциялык реформанын жүргүзүлүшүн да сынга алды.

Эгер Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса, «парламент өкмөткө, анын ичинде күч түзүмдөрүнө тыкыр көзөмөл жүргүзө албай калат, ошондой эле сот түзүмүнүн көз карандысыздыгы да бир топ төмөндөйт».

«“Адилеттүүлүк менен келишим түзүүнүн” башкы каармандары болуп тергөө жана көзөмөл органдары саналат. Келишим түзүлөбү же болушунча катуу жаза колдонулабы, шектүү келтирген зыяндын ордуна төлөп бере турган каражаттын суммасы канча болот, жыйынтыгында кандай чара колдонуларын дал ушун институттар аныктайт», — деп айтылган кайрылууда.

Мындан тышкары, Жакупованын айтымында, Конституциянын жаңы долбоорунда сөз эркиндигин жана биригүү эркиндигин эбегейсиз чектей турган ченемдер бар. Анын ою боюнча, мындай кырдаал ишкерлерге чоң зыян алып келиши мүмкүн.

«Референдумда Конституциянын ушул долбоору жактырылса, кеңири масштабдагы мыйзамдык өзгөрүүлөр болот. Мындан улам укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктары ансайын көбөйүп, ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктары зыянга учурашы мүмкүн экенин баса белгилеп кетүү керек. Иш жүзүндө бизнестин коопсуздугу барган сайын төмөндөп жатат. Конституциялык реформа ишке ашса бул тенденция күчөгөндөн күчөй берет», — деп эсептейт ал.

Жакупова буга үч себеп бар экенин белгилеген:

  • алдыдагы конституциялык реформадан кийин ансайын начарлай турган, ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдардагы мүчүлүштүктөр — натыйжада бизнес кылуудагы оюн эрежелери бузулат;
  • иш жүзүндө укук коргоо жана сот органдары ишкерлерге карата мыйзамдарды тандап, адилетсиз колдонуусу — жыйынтыгында бизнес өзүнүн коопсуздугу менен келечегине таптакыр ишенбеген туруктуу, адилетсиз режим түптөлөт;
  • мамлекеттик аппараттын ишине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу. Аткаминерлер кылмыштардан келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруучу каражаттардын саны көбөйүп жатканын айтышууда. Бирок мамлекеттик жазалоочу машинанын астында көбүнчө мыйзамды так сактаган ишкерлер да калып жатышат, алар камакка алынуудан жана өз мүлкүн тарттырып жиберүүдөн коркуп, же аргасыздан пара беришет, же активдеринин бир бөлүгүн берүүгө аргасыз болуп, кысымдан кутулушат.

«Ири суммадагы капиталдын сыртка агылышы, чарбалык субъекттерге негизсиз басым жасаларынын факты жүзүндөгү далили. Ишкерлер-коомчулугу бизнестин коопсуздугу, реалдуу мыйзам үстөмдүгү жана сот системасынын көз карандысыздыгы тууралуу байма-бай, ачык билдирүүлөрдү жасап келет», — деп айтылат кайрылууда.

*Улуттук статком 12-мартта чет элдик инвесторлор 2020-жылы Кыргызстандан 808 млн доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ага ылайык, чет элдик түз инвестициянын агымы 2019-жылга салыштырганда 20%га жогорулаган. Бул инвестиция агымынын өлкөгө киришин 330, 5 млн долларга басып өттү деген сөз. 2020-жылы Кыргызстанга түз кирген чет элдик инвестиция 477,6 млн долларды түзгөн жана 2019-жылга салыштырмалуу эки эсе аз — 56%га — кыскарган.

Жакупованын айтымында, эгер көйгөйлүү маселелер чечилбесе, президент кол койгон жарлыктар жана башка тийиштүү чаралар ишке ашпайт.

Бизнеске кысым кылуу

Бизнеске кысым кылуу өлкөдө бийлик алмашкандан кийин кескин күчөй баштаган. Октябрь окуясынан кийин дароо эле белгисиз адамдардын тобу өлкөдөгү өнөр жай ишканаларына, пансионаттарга чабуул жасап, Жерүй, Метал-Кен жана Терек-Сай кендериндеги тоо-кен компанияларынын мүлктөрү каракталып, өрттөлгөн.

Акыркы бир нече айда укук коргоо органдары спорт кийимдери менен жабдууларды саткан Gergert Sport жана «Спекулянт» дүкөндөр түйүнүнө карата сотко чейинки өндүрүш баштаган. «Спекулянттын» өкүлдөрү бул ишти «рейдерлик басып алуу» деп атап жатышат.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын февралында «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (Beeline оператору) мурдагы директору Евгений Кражан кармалган. Ал коррупцияга шектелип жатат. Айыптоо «радиожыштыктар иши менен» байланыштуу. Ошондой эле, «Чайкана Нават» ресторандар түйүнүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Сергей Острецов кармалган, ал банк ишмердигин мыйзамсыз жүргүзүү жана салык төлөөдөн качууга шектелип жатат.

1-мартта «Скай Мобайл» («Билайн») компаниясы салык төлөмдөрүн төкпөгөндүгү үчүн 2019-жылы козголгон кылмыш ишинин негизинде мамлекетке келтирген 112 млн сом чыгымдын ордун толтурганы белгилүү болгон.

Ишкерлер бийликтен алардын бизнесин коргоп берүүнү көп жолу суранышкан. Бизнес-омбудсмен институту ишкерлерди экономикалык жана экономикалык эмес мүнөздөгү кылмыштар боюнча камакка алуу практикасы ишке ашырылып жатканына абдан кабатырланып жатканын белгилеген.

Бийлик бизнеске кысым болуп атканы «кабатырлантаарын» билдирип, ишкерлерди күч түзүмдөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен текшерүүлөрүнөн «коргоону» убада кылган.

26-февралда премьер-министр Улукбек Марипов бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолушугуу учурунда өкмөт маморгандар тарабынан текшерүүлөрдү чектөөгө алат деп убадалаган. Ал өкмөт тарабынан ишкерлик жаатындагы мыйзамдар кайрадан талдоого алынып, жакшыртылат деп айткан болчу.

Бирок, 4-мартта бизнес-акыйкатчы укук коргоо органдарынын бизнеске жана ишкерлерге кысым кылуу фактыларына кабатырланып жатканын билдирген.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Жарлык өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртып, бизнести күч түзүмдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракетинен коргойт деп пландалууда. Атап айтканда, Жапаров жарлык аркылуу укук коргоо органдарын бизнести текшерүүгө байланышкан мораторийдин шарттарын аткарууну талап кылган.