Ырчы Чолпон Талипбек аялдардын зомбулугуна каршы «Барба» деген ыр жаздырып, клип тартты

Ырчы Чолпон Талипбек Кыргызстанда аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы «Барба» деген ырына клип тартты. Анда ал зомбулуктан жапа чеккен аялдарга кайрылып ырдайт.

Талипбек ыр жазуу идеасы — Жалал-Абаддын Сузак районунда мойнуна дөңгөлөк асылып кордолгон аялдын окуясынан кийин пайда болгонун билдирди.

Ал «зомбулук бар жерде сүйүү болбой турганын», өз жашооңду өзгөртүүдө «Эл эмне дейт?» деген стереотип тоскоол болбошу керектигин белгилеген. Андан сырткары кордук көрсөткөн эркекке кечирим болбошу керектигин дагы айткан.

Эл эмне дейт деп сен ойлонбо,

Жалгыз калам деп такыр коркпо,

Кыйналган күндөр өтүп кетет.

Аёо сезим менен сый урмат,

Сүйүүнү дайым коштоп турат.

Чыныгы бактың сени табат

Кайра ага барба,

Кечирим жок ага,

Өзүмө айттым мен кайра кайра.

Өмүрүң бир гана,

Өз жолуңду танда,

Жаңылышып калба…

Ырдын клибинде күйөөсүнөн кордук көргөн аял сүрөттөлөт. Ал күйөөсүнөн коркуп, бөлмөнүн эшигин бекетип алып отурат. Күйөөсү алгач эшикти тарткылап ачканга аракет кылат. Бирок андан майнап чыкпагандан кийин эшикти балта менен чапкылап, сындырат. Аял өзүн коргоо үчүн колуна үбөлүктү алып, коргонууга даярданат.

Ошондой эле, клипте күйөөсүнөн кордук көргөн башка аялдардын дагы окуялары чагылдырылган. Алардын бири кызыл камчы күйөөсүнөн ашкана бычагы менен коргонууга аракет кылса, дагы бир аял бетиндеги көгала тактарды жашырууга аракеттенет.

Клиптин аягында караңгы бөлмөдө күйөөсүнөн коркуп отурган аял сыртка чыгып, айланага көз салат, ээн-эркин басып жүргөн кишилерди көрөт. Ал дагы терең-терең дем алып, жаңы жашоо баштоого бел байлайт.

Негизинен ырчы клибинде өлкөдөгү аялдарга болгон зордук зомбулукту чагылдырган. Ал өзүнүн «Ютубдагы» каналына жүктөгөн клибинин алдына өлкөдөгү кризистик борборлордун байланыш номурларын калтырган.

Мойнуна дөңгөлөк илинип кордолгон аял

2020-жылдын 12-июнда социалдык тармактарга аялынын колун артына байлап, моюнуна таш салынган эки дөңгөлөктү илип, үстүнө чакалап суу чачып, бетке муштагылап кордоп жаткан кишинин видеосу тараган. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.

Кийин кордук көргөн аял кийин милицияга тосмо арыз менен кайрылган. Бирок сот тосмо арызга карабай, шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 15 суткага камаган.

Бул окуя коомчулуктун катуу сынына кабылып, өкмөт үй-бүлөлүк зомбулук боюнча окуяны өз көзөмөлүнө алганын билдирген.

Дагы окуңуз: «Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?

Үй бүлөлүк зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Аталган фактылардын 649у Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын төртөө «Киши өлтүрүү», 451и «ден соолукка оор жана оор эмес зыян келтирүү», алтоо «зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен катталган. Калган 5496 факты Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган беренелер менен каттоого алынган.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык басмырлоого, уруп-согууга жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек.

Дагы окуңуз: Жан кыюуга түрткөн зомбулук