Екатеринбургда маньяк кыргызстандык эки аялга кол салды

Сүрөт: Орусиянын Сведлов облустук Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгы

Екатеринбург шаарынын полициясы чыгыш таануучу Иван Ильинден жапа чеккендерди издөөгө жардам сурап кайрылды. Аты аталган адам азият улутундагы кыздарга бычак менен кол салган, анын кесепетинен Кыргызстандын эки тургуну жаракат алган.

Кыздар тирүү калганы менен ден соолугуна оор залал келип, майып болуп калышкан. Полиция жогорудагы эки кыздан башка да жабырлануучулар болушу мүмкүн деп эсептейт — тергөө Ильин шаар аймагындагы оор жана өтө оор кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн деген версияны дагы карап жатат.

Екатеринбургда эмне болду?

2020-жылдын сентябрь айында Екатеринбургдун Широкая Речка районунда үйдүн подъездинде биринчи кол салуу болгон — кол салган киши курмандыгын лифттин алдында аңдып күтүп турган. 17 жаштагы кыргызстандык кыз бир нече күн өзүнө келбей, ага кан куюлган. Дарыгерлер жабыркаган кыздын бөйрөгүн жана ичегисинин бир бөлүгүн кесишкен, мындан тышкары анын бооруна да бычак тийген.

Тергөө органдары жаш кызга кол салган адам психикалык жактан жабыркашы ыктымал экенин айтып, демек мындан башка дагы эпизоддор болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Кийинки кол салуу 2021-жылдын январь айында, Эльмаш аймагында болгон — бычак менен куралданган белгисиз адам 19 жаштагы Белек кызы Гуляга бычак шилтеген. Бирок кокустан чыга калган автоунаадан коркуп качып кеткен.

Жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген, анын баш мээси чайкалганы жана сол үстүңкү жаагы жарылганы аныкталган. Мындан тышкары, курч бычак кыздын эки манжасын да кесип кеткен— чыпалак кайра ордуна тигилип, ортонду тигүү мүмкүн болгон эмес. Он күндөн кийин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен шектүү кармалган.

Кол салган адам тууралуу эмне белгилүү?

Ал миздүү куралдарга, корей жана жапон маданиятына кызыгып жүргөн УрФУнун чыгыш таануу факультетинин 26 жаштагы магистри Иван Ильин болуп чыкты. Ильин тергөө менен кызматташып, кылмыштарын мойнуна алган көрсөтмө берген. Ал тергөөгө кызды Эльмашта өлтүргүсү келгенин, бирок ал ишке ашпай калганын айтып берген.

Широкая Речкадагы эпизод боюнча да көрсөтмө берген — ал кол салуу үчүн азиат тектүү жана каршылык көрсөтө албай турган кыздарды тандаган.

ИИМдин Свердлов облусу боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Валерий Горелых Ильин шаарда бир нече жыл ижарага батир алып жашаганын айтып берген. Ал укук коргоо органдарынын көңүлүн бурган эмес, соттолгон эмес, бойдок.

«[Ильин] Жапон тилинен котормочулук кылат, сүрөттү жакшы тартат. Котормочулуктан тышкары, тарткан сүрөттөрүн сатып жан баккан. Психиатрдын каттоосунда турган эмес. Бычак-кылычтарды жакшы көрөт. Кыздарга кол салууда колдонгон бычактын баасы 5 миң рублду түзгөн. Тергөөчүлөр анын турак-жайын текшергенде бир катар маанилүү далил буюмдарды, алардын ичинде ар кандай бычактарды табышкан», — деп Горелых билдирди.

ЖМКдагы айрым маалыматтар боюнча, анын котормолорунун бир бөлүгү аялдарга карата зомбулук жана кыйноолорго байланыштуу болгон. Мындан тышкары, ВКонтакте социалдык тармагында тийиштүү тематикада тайпаларды жетектеген, экинчи чабуулуна чейин алардын биринде Азиянын кыз-келиндеринин сулуулугуна суктанган «трактат» жарыялаган.

Эми эмне болот?

Сот Ильинди камактан чыгаруу жөнүндө өтүнүчтү четке какты — сот ал кайрадан кылмыш ишине барышы мүмкүн деп эсептейт. Азыр шектүү психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүп жатат, аны менен катар полиция Ильиндин башка дагы оор жана өтө оор кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерип жатат.

Биринчи жабыркаган кыздын туугандары журналисттер менен сүйлөшүүгө эч көңүлдөрү жок. Белек кызы болсо «РИА Новости» маалымат агенттигине курган маегинде жумушсуз калганын айтып берген: мурда флорист болуп иштеген кыздын колуна Илизаров аппараты орнотулган. Дарылоого 70 миң рублдан ашуун акча корогон, мындан тышкары кол салуудан кийин кызда талма оорусу пайда болгон. Жабыркаган кыз жай турмушка качан кайтып келери белгисиз.

Кыргызстандын жабыр тарткан жарандары саламаттыгына келтирилген залал үчүн компенсация талап кыла алышат, бирок азырынча алар сотко кайрыла элек.

«Мыйзамда ден соолукка залал келтиргендиги үчүн кенемте алуу каралган. Жабыркагандар каалаган учурда жарандык доо арыз берсе болот. Бирок кандай сумманы көрсөтүү керектигин билүү керек. Анткени дарылануу көпкө созулат. Дагы канча акча жумшоого туура келет — белгисиз», — деп айтып берген Белек кызынын адвокаты Игорь Жуков РИА Новостиге.

Юристтин айтымында, ал Ильиндин ата-энеси менен компенсация маселесин талкуулоо үчүн байланышууга аракет кылган, бирок алар сөзгө келишкен эмес.