Кара-Суу: Айыл өкмөт башчы мектеп имаратын 27 миң сомго сатып жиберди, буга тургундар нааразы

Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн өкмөтүнүн башчысы Зулпукар Мазаев Озгур айылындагы кароосуз калган мектеп имаратын 27 миң сомго аукцион аркылуу сатып жиберди. Буга тургундар нараазы болушууда.

Алар эски мектептин ордуна айыл жаштары спорт зал курууну пландап жүргөнүн айтышты. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, имаратты жери менен кошо айыл өкмөт башчынын кайын агасы сатып алган.

«Ошол эле учурда [айыл өкмөт башчы] жаштар балдар үчүн спорт зал курууга каражат чогултуп жатканын билчү. Алар айыл өкмөтүнө кайрылып, “эски имаратты бузуп анын ордуна спорт зал салалы” деп бир нече жолу кайрылышкан», — дешет жергиликтүүлөр.

Ошондой эле айыл тургундары имарат арзан баада сатылганын белгилешти. Алардын айтымында, мектеп калың кыштардан курулуп, анын баасы 400 миң сомду түзөт.

Тургундар имараттын аукционго коюлганынан кабарлары жок болгонун айтышып, «конкурска катышмакпыз» дешти.

«Мектептин сатылып кеткенин жакында эле билдик. Көрсө гезитке жарыя берген экен. Бирок азыркы күндө ким гезит окуп жүрүптүр? Айыл башчысы атайын эч кимге аукцион тууралуу айткан эмес. Болбосо жаштар 27 миң сомго бул имаратты сатып алууга дарамети жетмек. Биз 100 миң сом бергенге даяр болчубуз», — деди алар.

Жергиликтүүлөр учурда аукциондун жокко чыгарылышын жана мектептин ордуна спорт зал курулушун талап кылышууда.

Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы «Клоопко» Зулпукар Мазаев мектеп имаратын бала бакча куруу үчүн сатканын билдирди. Ошондой эле айыл тургундары спорт зал куруу тууралуу кайрылган эмес дейт.

«Бала бакча куруу үчүн жерди бошотуш керек болду. Ошол себептен кароосуз калган мектеп имаратын аукционго койдум. Ага эки гана киши катышып, бири имаратты сатып алды. Айыл тургундары имаратты бузуу учурунда эле келип спорт зал куруу сунушун беришти», — деди ал.

Мындан сырткары Мазаев имаратты «кайнагасына саткан» деген маалыматты четке какты.