Коронавирустан эки киши каза болуп, 115 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 24-мартта өлкөдө коронавирустун 115 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында бир медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 66;

Чүй облусунда — 42;

Ысык-Көл облусунда — 3;

Нарын облусунда — 2;

Ош шаарында — 2.

Ошондой эле акыркы суткада COVID-19дан 65 бейтап айыкты. Коронавирустан Бишкек шаарында — 26, Чүй облусунда — 20, Ысык-Көл облусунда он, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында үчтөн бейтап айыкты.

Мындан сырткары илдеттен Бишкек шаарында эки бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 87 652ге жетти. Алардын ичинен 84 339 бейтап айыгып, 1 492 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 474 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 18 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 402 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.