Коронавирустун кесепети. Дээрлик ар бир үчүнчү кыргызстандык жакыр жашайт — Дүйнөлүк банк

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда коронавирус пандемиясынын биринчи жылынын жыйынтыктарын чыгарды. Бул уюмдун маалыматы боюнча, өлкөгө өтө «чоң сокку» урулду — каатчылык саламаттык сактоо тутумун гана эмес, башка көптөгөн тармактарга да кесепетин тийгизди.

«[…] Кыргызстан бүткүл дүйнөгө кулачын кеңири жайган пандемиянын кесепетинен кыйла жапа чекти, бул терс көрүнүштөр соңку жылдардагы өлкөнүн жетишкендиктеринин көбүн кечеңдетип, артка тартышы мүмкүн. Алдын ала анализ көрсөткөндөй, коронавируска байланыштуу пайда болгон кризистин масштабы 30 жыл мурун СССРдин ыдырап кетишинен кийин орун алган социалдык-экономикалык катаклизм менен салыштырыла турганчалык чоң экенин көрсөтүп турат», — деп кырдаалды талдаган макалада жазылат.

Дүйнөлүк Банк эмне дейт

Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча, COVID-19 пандемиясы кыргызстандыктардын айлыктарына да сокку урду. Ага 9,7% инфляцияны* кошкондо, бул кырдаал дээрлик ар бир үчүнчү кыргызстандыкты өтө жакыр абалга алып келди.

«2020-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 11%га өстү, 2019-жылы бул көрсөткүч 20,1% болгон. Мунун натыйжасында дагы 700 миң киши өтө жакыр жашап калды - калкынын саны 6,6 млн кишини түзгөн өлкө үчүн бул абдан чоң сан», — деп Дүйнөлүк банк билдирди.

*Инфляция — узак убакытка товар жана кызматтардын бааларынын жалпы деңгээлде өсүшү. Инфляцияда белгилүү бир суммадагы акчага убакыттын өтүшү менен аз санда товар жана кызмат сатып алууга болот. Тагыраагы акча кунун жоготту.

Мамлекеттик бюджеттин дефицити жана ИДПга салыштырмалуу мамлекеттик карыздын өсүшү сыяктуу башка макроэкономикалык проблемалар да бир топ курчуду.

Булак: Дүйнөлүк банк

Тема боюнча окуңуз:

Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 5 млрд долларга жетти — Каржы министрлиги

Депутаттар 2020-жылга карата бюджетти 29,8 млрд сом тартыштык менен кабыл алышты

Кыргызстанга колдоо көрсөтүү максатында 2020-жылы Дүйнөлүк банк калктын аярлуу жана жакыр үй-бүлөлөрүнө жардам берүү, чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү үчүн 138 млн АКШ долларын бөлүп берген. Экономиканы калыбына келтирүү үчүн узак убакыт керек: республика пандемияга чейинки деңгээлге 2023-жылы кайтып келет.

Өлкө бийлиги кандай чара көрүп жатат?

2021-жылдын февралында министрлер кабинети жана өкмөт башчысы алмашкан. Жаңы премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги планы менен тааныштырган. Бул иш-чараны 2021-жылдын 1-июнуна чейин ишке ашыруу убадаланган.

Анын айтымында, бийлик биринчи кезекте азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу каражаттардын бааларынын өсүшүн токтотуу үчүн «колдон келген чаралардын баарын» көрүшү керек. Бирок, өкмөт башчынын убадасына карабастан, Кыргызстандын Улуттук банкы дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалар өсүп жаткандыктан, Кыргызстанда дагы жакынкы аралыкта баалар көтөрүлөт деп божомолдогон.

Күйүүчү майдын баасы дүйнө жүзүндө да туруктуу өсүп жатат — негизинен, бул кырдаал күйүүчү майдын дүйнө базарларында кымбаттаганы жана инфляцияга байланыштуу. Нефтетрейдерлер союзунун директору Заур Кипкеевдин айтымында, күйүүчү майдын таңкыстыгы жаралгандыктан, жайкысын 1 литр бензиндин баасы 60 сомго жетиши мүмкүн.Улуттук банк 2021-жылдын башында инфляцияны 10%дын айланасында болот деп болжогон.

«Азыркы экономикалык шартта, айрым тездөөдөн кийин инфляция жыл ортосуна карата бир аз турукташат жана жыл жыйынтыгы боюнча 10%дын айланасында болот», — деп банктан 26-январда билдиришкен.

Февраль айынын соңунда Кыргызстанда жылдык инфляциянын көрсөткүчү 10,2% түздү.

Тема боюнча: Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттап, элдин кирешеси азаят