Өлкөдө мунай иштетүүчү заводдорду толук кубаттуулукта иштетүү сунушталды

Энергетика жана өнөр жай министри Кубаныч Турдубаев парламенттин 24-марттагы отурумунда өлкөдө бензин жана дизелдин баасы дагы өсүшү күтүлүп жатканын билдирди. Ал эми Нефтетрейдерлер союзунун директору Заур Кипкеевдин айтымында, күйүүчү майдын таңкыстыгы жаралгандыктан, жайкысын 1 литр бензиндин баасы 60 сомго жетиши мүмкүн.

Министр эмне деди?

Турдубаев Кыргызстанда бензин жана дизелдин баасынын өсүшүнө бир нече фактор таасир берерин белгиледи:

  • күйүүчү май Кыргызстанга негизинен Орусиядан импорттолуп келет. 1 литр бензиндин баасы орусиялык мунай иштетүүчү заводдордо январь-февраль айларында 7-10 сомго, ал эми дизелдин баасы — 3,2-4,8 сомго өскөн;
  • дүйнө жүзүндө мунай баасынын өсүшү. Дүйнөлүк фонддор мунайдын баасы 20%га чейин өсүшүн болжолдоп жатышат.

Турдубаевдин ою боюнча, күйүүчү майдын баасын өстүрбөш үчүн өлкөбүздө мунайды иштетүүчү заводдорду иштетиш керек. Министрдин айтымында, өлкөдө 10 мунай иштетүүчү завод бар, бирок алар толук кубаттуулук менен иштебейт.

«Биз өзүбүздүн мунай иштетүүчү заводдорубузду толук кандуу иштетишибиз керек. Мунай заводдору 2 млн 215 миң тонна мунайды иштетсе болот. Кыргызстанда нефтинин керектөөсү 1,3 млн тоннага барабар. Биздин мунай иштетүүчү заводдорубуз калкты мунай заттар менен камсыз кылганга мүмкүнчүлүгү жетет. Бир чоң маселе — чийки нефть маселесин чечишибиз керек. Биз Казакстанга, Өзбекстанга барып бул маселени көтөрүп жатабыз», — деди Турдубаев.

Нефтетрейдерлер эмне дейт?

Нефтетрейдерлер союзунун директору 24.kg басылмасына курган маегинде орусиялык заводдор Кыргызстанга чектелген көлөмдө мунай заттарын жиберип жатканын маалымдады.

«Орус тарап чоң партияларга келишим түзбөй жатат. 1-2 миң тонна күйүүчү майга эле келишим түзүп жатат. Бул өтө аз. Заводдор аз жүктөп жатышат. Бул кырдаал [мунай] компаниялар биринчи кезекте Орусиянын ички базарын камсыз кылууга милдеттүү болгонуна байланыштуу келип чыккан. Бир ай мурун Орусиянын өзүндө күйүүчү-майлоочу каражаттар тартыш болгон, ошондуктан алар материалдык резервдин запастарын ачууга дуушар болушту. Кыргызстанга мунай заттарын жиберип турган заводдор да ички базарга көңүлүн бурушту. Биз кезектен жылып калдык. Ошондуктан, кырдаал дагы эле мурдагыдай курч экенин айта алам», — деди Кипкеев.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда түзүлүп жаткан кырдаал Орусияда жазгы талаа иштери башталганы менен начарлоодо. Кипкеевдин ою боюнча, бул да Кыргызстандагы күйүүчү майдын тартыштыгына кандайдыр бир деңгээлде алып келет.

«Кыргызстандык мунай ташыган компаниялар дагы эле дүң сатыкты башташа элек. Мындан тышкары, Шымкент мунай иштетүүчү заводу оңдоо иштерине жабыла тургандыктан, Казакстан да апрель айынан баштап 80-100 миң тонна күйүүчү-майлоочу каражатты импорттоого белсенип жатканы тууралуу маалымат алдык. Ошондуктан, Орусиядан импорттой турган дагы бир атаандаш пайда болууда. Бул жагдай биздин өлкөгө келип жаткан күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасына жана көлөмүнө сөзсүз өз кедергисин тийгизери анык болуп турат. Биз мурда да казакстандык компаниялар менен күйүүчү-майлоочу каражаттарды «талашып», ушундай кырдаалга туш болгонбуз», — деди ал.

Мунай заттардын баалары

Соңку айларда Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасы көз көрүнө өсүп кеткен. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, баалардын мониторинги 11-мартка карата АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы февралга салыштырмалуу республика боюнча орточо 11,5%га өскөнүн көрсөткөн. Андан тышкары, ушул эле убакыт аралыгында дизелдин баасы 7,2%га жогорулаган.

Күйүүчү-майлоочу каражаттардын баалары өсүп кеткени үчүн 2-мартта премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандан мунайды жана (мазуттан тышкары) мунай заттарын ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган.

Чектөө ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин күчүндө болот.

Мындан кийин Марипов өлкөдө күйүүчү-майлоо каражаттардын баасы өсүп жатканы боюнча комментарий берген. Ал бааларды турукташтыруу жана таңкыстык жаралбашы үчүн өкмөт чара көрөрүнө убада берген. Ошондой эле, эгер бааларды турукташтыруу мүмкүн болбосо, Кыргызстанда айыл-чарба продукциясы да кымбатташы мүмкүн экенин айткан.