Ош: Алдамчылыкка шектелген «Ишенимдин» талапкери үй камагына чыгарылды

Сүрөт: Ош ОИИБи

Ош шаардык кеңешине «Ишеним» партиясынан талапкерлигин койгон Кишимжан Бекташова алдамчылыкка шектелип жатат. Анын үстүнөн үч арыз түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Ош облусундагы Кара-Суу районунун Тельман айылынын тургуну үйүн алдырып койгонун билдирип милицияга арыз жазган.

Анын айтымында, ал Бекташовадан жана дагы бир аялдан 2019-жылы үстөк пайыз менен үч айга насыяга 200 миң сом өлчөмүндөгү акча алган. Ал эми күрөө катары ал өз үйүнүн документтерин койгон.

Арыздануучу карызга алган акчасын жарым-жартылай төлөгөндөн кийин шектүүлөр үйдү өздөрүнө өткөрүп алышып, аны үйүнөн чыгарып жатканын айткан.

Аталган факты Кара-Суу РИИБде «Алдамчылык» беренеси менен катталып, бирок 2020-жылдын 28-декабрь күнү өндүрүштөн кыскартылган. Анткен менен үстүбүздөгү жылдын 6-февралында райондук прокуратура ишти кайрадан тергөөгө жиберген.

Ишти кайра териштирүү учурунда дагы эки киши Бекташовага ар түрдүү жолдор менен акчага алданганын маалымдаган. Алардын бири талапкер күрөөгө коюлган үйдү 1 млн 300 миң сомго сатып жибергенин, ал эми дагы бир арыз ээси Бекташова банктагы насыяны чечип берем деп 145 миң сомун алдап алып алганын айткан.

Ал эми Бекташова өзү милицияга сурак берүү учурунда насыяга акча берип жүргөнүн моюндаган. Бирок баары «мыйзамдуу болгонун» айткан.

«Мен күнөөсүзмүн. Колумдан келсе жардам берип жүргөнмүн. Акысына кардар өзү ыраазы болгон акчасын берчү. Бекер болсо бекер эле [пайызсыз] берип жүрчүмүн», — деген ал.

Милициядан аймактык шайлоо комиссиясына Бекташованы талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу боюнча жолдонмо жиберилгенин белгилешти.

Бекташова 25-март күнү кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган. Милициядан иштердин бири Кара-Суу райондук сотунда каралып жатканын билдиришти.