Бишкек — Ош жолунда коргоо министрлигинин аскердик унаасы оодарылып ырчы каза тапты

Бишкек — Ош унаа жолунун Чүй облусунун Жайыл районундагы бөлүгүндө 29-мартта «КамАЗ-Вахтовка» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетип, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгына айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгон.

«Жол кырсыктан 1981-жылы туулган аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алган. Окуяга болгон жерге куткаруучулар менен тез жардам кызматы тартылып, куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Бир катар ЖМКлар жол кырсыгынан ырчы Нурзат Ажыгожоева каза болгонун жазды. Ал Куралдуу күчтөрдүн оркестринде ырдап жүргөн. Ажыгожоеванын артында үч баласы жана жолдошу калды.

Коргоо министрлигинин маалымат кызматы «Клоопко» кабарлагандай, Куралдуу күчтөрүнүн армиясынын Борбордук үйүнүн артисттери өлкөнүн Түштүк-Батыш аймагына көчмө концерт коюуга бара жатканда кырсыктаган.

Баткендин Бүжүм айылында 1-3-апрелде «Коопсуздук 2021» аттуу аскердик машыгуулар өтөт. Ага күч 600дөй аскер жана 100дөн ашык аскер техникалары катышат. Коргоо министрлиги кырсыкка кабылгандар аскерлерге майрамдык маанай тартуулоо үчүн баратканын билдирди.

«Биз силерди күттүк, чай ичип алалы»

Кырсык болгон унаанын ичинде ырчы Нурчолпон дагы болгон. Ал окуядан кийин тартылган видеолорду Instagram барагына жарыялады. Видеодо анын сол кашынын үстүнө бинт чапталып, кийип жүргөн көйнөгүнүн боорунда кандын тактары даана көрүнөт.

Нурчолпон алар Токтогулга бара жатканда кырсыкка кабылышканын айткан. Жерине куткаруучулар келип, аларды Кара-Балтадагы ооруканага алып келишкен. Бирок жабыркагандар бир нече саат бою тийиштүү медициналык жардамды ала алышпаганын билдирген.

«Кара-Балтанын ооруканасынын коридорунда күтүп отурабыз. [...] Бизге тез жардамды убагында көрсөтө албаганы абдан өкүнүчтүү», — деген ал.

Ырчы Нурчолпондун Инстаграм баракчасынын скрини

Ырчы кыз дагы бир видеосун тез жардам унаасынын ичинен тарткан. Анда ал медкызматкерлер «чай ичип алалы» деп жолдон токтогонун айткан.

«Тез жардам унаасын жолго токтотушуп “биз силерди күттүк, курсагыбыз ачты, тамактанып алалы” дешти. Бизди сыртка чыгаргыла десек эшикти ачпай жатат», — деген ал.

Жыйынтыгында алар тез жардам унаасынан түшүп, өзүлөрүнүн автоунаасы менен ооруканага кетип жатканын билдирген.

Ырчы Нурчолпондун Инстаграм баракчасынын скрини