«Мекеним Кыргызстандын» лидери Мирлан Бакиров мүлк фондун жетектейт

Мирлан Бакиров

Премьер-министр Улукбек Марипов депутат Мирлан Бакировду Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу «Клоопко» мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бакиров фонддун жамааты менен бүгүн, 30-мартта, тааныштырылды. Маммүлктүн буга чейинки жетекчиси Жылдызбек Исакулов 9-февралда өз калоосу менен кызматтан кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин анын милдеттерин Ишенбек Медетов аткарып келген.

Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери. Аталган партия таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар болгону айтылып келет.

«Мекеним Кыргызстан» жана бийликчил «Биримдик» партиялары 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо биринчи эки орунду ээлеп, алдын ала жыйынтыктар боюнча дээрлик 90 мандатка ээ болушкан. Шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жаткан маалда бул партиялар шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурсту колдонууга айыпталган.

Натыйжада бул мыйзам бузуулар массалык толкундоолорго алып келип, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылган. Саясий кризистин шартында Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, бийликке Садыр Жапаров жана анын тарапташтары келген.