Текебаевдин депутаттык мандаты Шералы Абдылдаевге өттү

Шералы Абдылдаев, сүрөт: БШК басма сөз кызматы

Шералы Абдылдаев 29-мартта Жогорку Кеңештеги бош мандатты алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Өмүрбек Текебаевден кийин «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде Абдылдаев тургандыктан, ал депутаттык мандатка ээ болду. Өмүрбек Текебаев Жогорку соттун чечими менен мандаттан ажыратылган.

БШКнын токтомуна ылайык, Абдылдаев депутаттын күбөлүгүн жана төшбелгисин алды.

2017-жылы УКМК Шералы Абдылдаевге издөө салган. Анда ал Өмүрбек Текебаевдин «Мегаком» компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн пара алгандыгы боюнча кылмыш ишинде коррупцияга шектелген болчу.

Боршайкомдун жыйынында Абдылдаевдин талапкерлиги каралып, анда Нуржан Шайылдабекова Жогорку соттун маалыматына ылайык Абдылдаевге карата «күчүндө болгон айыптоочу сот актысы» жок экенин билдирди.

Текебаевди мандатынан ажыратуу

Текебаев 2017-жылы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, алгачкы жолу депутаттык мандатынан ажыратылган. Бирок, 2019-жылы Текебаевге карата өкүмдөрдү жокко чыгарып, анын иши кайра кароого жиберилген.

2020-жылдын октябрь айында Өмүрбек Текебаевге мандатын кайтарып берип, ал кайрадан парламентке депутат болуп келген — анын партиялашы Садык Шер-Нияз Текебаевдин парламентке келиши үчүн мандатынан баш тарткан.

Бирок активист жана акын Темирлан Ормуков Бишкектин Административдик сотуна доо-арыз тапшырган — Ормуковдун айтымында, Текебаев мандатын мыйзамсыз түрдө алган, анын ордуна мандатты «Ата-Мекен» партиясынын тизмесинде кийинки талапкерге өтүшү керек эле.

23-ноябрда Бишкектин Административдик соту БШК Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатты мыйзамсыз берген деген чечим чыгарган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту ушундай бүтүмгө келген.

Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча соңку чечим Жогорку сот тарабынан 2021-жылдын март айында чыккан. Анда төмөнкү инстанциялардын чечимдери күчүндө калган.