Шайлоо мыйзамдарын бузуу: ИИМ 21 кылмыш ишин козгоду

ИИМ 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун алдында үгүт учурунда тартипке кантип көзөмөл жүргүзүп жатканы жөнүндө отчёт берди.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда 11 миңден ашуун милиция кызматкери шайлоо участкаларында тартипти көзөмөлдөп жатат. Ошондой эле, 1500 жол кайгуул кызматкерлери бюллетендерди өлкөнүн аймактарына жеткирүүгө жардам берүүдө.

ИИМ эмне дейт?

ИИМ шайлоо мыйзамдарын бузуунун 78 учурун каттаган. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетовдун айтымында, 21 кылмыш, 15 жорук, 4 эреже бузуу жана 38 факт КЖБРге киргизилген.

«Бир факты кылмыш белгилери жок болгондуктан эсептен чыгарылган, 20 факты өндүрүштө. Жоруктар боюнча бир факты кылмыштын белгилери катталбагандыктан эсептен чыгарылса, 14 факты өндүрүштө. Мыйзам бузуулар боюнча, 4 факты КЖБРге түшүрүлүп, тийиштүү чара көрүү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү. Электрондук журналга катталган башка 38 факты мыйзамга ылайык каралат», — деп билдирди ИИМдин орун басары.

ИИМ Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Эшимкан уулу Нурдин добуштарды сатып алуу боюнча 9 материал катталганын билдирди. Бардык фактылар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

«Мындан тышкары, Ош облусунун Кара-Суу районунда бир дарек боюнча массалык түрдө каттоого туруу фактысы ачыкка чыккан. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп ал белгиледи.

Боршайком да үн катты

БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу да мыйзам бузуулар боюнча өз статистикасын жүргүзөт. Боршайкомдун жетекчиси Шайлдабекованын берген маалыматына ылайык, 30-мартта мыйзам бузуулар боюнча 31 билдирүү, алардын ичинен эң көбү добуш сатып алуунун үстүнөн келип түшкөн.

«Шайлоочулардын укугун бузгандыгы үчүн — 1, пара алгандыгы үчүн — 14, административдик ресурсту колдонгону үчүн — 8, коркутуу жана кысым көрсөткөндүгү үчүн — 1, талапкерлердин жалган маалымат тараткандыгы боюнча — 1, үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн - 3, шайлоо өнөктүгүн каржылоонун бузулушу боюнча - 3 билдирүү келип түшкөн», — деп Шайлдабекова билдирди.

Шайлдабекованын айтымында, мыйзам бузуулардын дагы бир категориясы бар — үгүт учурунда жергиликтүү кеңештин шайлоолору өтө турган шаарлар менен айылдарды көрктөндүрүү иштери активдешкен.

Мындай иш-чаралар жергиликтүү администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пландаштырылган иши катары партиянын же талапкерлердин символдорун пайдалануу менен жабык же ачык жүргүзүлөт. Бул паракорчулуктун же административдик ресурстарды пайдалануунун белгиси.

«ЫАККТтын мүчөлөрү бирдиктүү ыкманы иштеп чыгуу жана партиялардын жана талапкерлердин мындай аракеттерине жооп берүүсү зарыл», — деп келтирди БШКнын басма сөз кызматы Шайлдабекованын айткандарын.

Парламенттик шайлоонун алдындагы «башкы репетиция»

11-апрелде кыргызстандыктар жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлайт. Шайланган депутаттар жергиликтүү деңгээлде маанилүү чечимдерди кабыл алат.

Шайлоо 28 шаардык (анын ичинде Бишкек жана Ошто) жана 420 айылдык кеңешинде өтөт. Айылдык кеңештерге көбүнчө өз талапкерлигин өзү көрсөткөндөр бараткан болсо, шаардык кеңештерге саясий партиялардын талапкерлери аттанууда.

Тема боюнча: Шайлоо: Шаардык кеңештерге 56 партия ат салышат

Шайлоонун жыйынтыгы менен 796 депутат 28 шаардык кеңеште мандатка ээ болот. Алар жергиликтүү деңгээлде билим берүү, саламаттык сактоо, бюджет маселелерин чечүүдөн тышкары, мыйзамдарды кабыл алууга да укуктуу болот.

Эксперттер жергиликтүү шайлоолорду «Жогорку Кеңешке шайлоонун башкы репетициясы» деп аташат. Анын негизинде, мисалы, келерки парламенттик шайлоодо бийликчил партияларды колдоо жана шайлоого келип бергендердин пайызын болжоого болот.

2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган Конституциялык мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо «2021-жылдын 1-июнуна чейин кечиктирилбестен, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык түрдө жарыяланышы зарыл». Ошол эле учурда, президент Садыр Жапаровдун айтымында, парламенттик шайлоо бул мезгилден кечирээк — 2021-жылдын октябрь айында өтүшү ыктымал.

Тема боюнча: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Мекенчилдин» талапкерлери кайсыл партияларга «секирди»?