«Клооптун» дата-журналисттери келерки шаардык кеңешке шайлоого катышууга аттанган талапкерлердин тизмесин талдап, алардын ичинен болуп өткөн парламенттик шайлоого да катышкан 208 адамды аныктады. Алардын арасынан журналисттер партиялардын мурдагы талапкерлерин да таап чыгышты, белгилей кетсек, дал ошолордун айынан парламенттик шайлоо жокко чыгып, өлкөдө саясий кризис башталган эле.

«Клооптун» дата-журналисттери шаардык кеңешке аттанган партиялардын тизмесинен 11,5 миңден ашуун талапкерди талдап, аларды 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен салыштырды. Парламенттик шайлоонун талапкерлеринин ысымдарын салыштырып көрүп, биз бул жылы алардын ичинен кимиси кайсыл партиядан шаардык кеңешке шайлоого аттанып жатканын аныктадык.

Биздин талдоо шаардык кеңешке шайлоого 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан талапкерлер бара жатканын көрсөттү. Жалпысынан биз мындай 208 талапкерди таптык. Алардын ичинен ар бир бешинчиси мурда «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларында болушкан: алар экс-президент Сооронбай Жээнбеков, анын ичинде бажынын коррупциялашкан экс-аткаминери Райымбек Матраимов менен байланыштуу делет. Дал ушул эки партиянын айынан 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоо жокко чыгарылган.

Ошондой эле, жергиликтүү кеңештин шайлоосуна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен президент Садыр Жапаровдун «Мекенчил» партиясынан талапкер болгондор дагы катышат. Жапаровдун мындан ары Кыргызстанда бийликтин партиясы болбойт деген убадасына карабай «мекенчилдер» иш жүзүндө шаардык кеңешке башка партиялар менен катышууда. 

Эскертүү: диаграммада көрсөтүлгөн партиялардын курамында жок дегенде бирден талапкер мурда «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Мекенчил» партияларынын тизмесинде болгондор. Алгачкы эки партия 4-октябрда өтүп, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Кыргызстандын бардык аймактарында көпчүлүктүн добушуна ээ болгон. «Мекенчил» партиясын азыркы өлкө башчысы Садыр Жапаров үзөңгүлөш досу, ушул таптагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен бирге негиздеген.

Мурдагы «Биримдик» партиясынан 24 киши, «Мекеним Кыргызстандан» — 22, «Мекенчилден» — 13 кандидат шаардык кеңешке талапкерлигин койду. Алар көбүнчө «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Замандаш», «Ишеним», «Эмгек» жана «НДПК» партияларынын тизмелери менен бара жатышат.

Ошол эле кезде, «Ата-Журт Кыргызстан» менен «Ынтымак» жергиликтүү шайлоолордо эң көп талапкери менен кеңештерге аттанып жаткан партиялар болуп саналат.

«Ата-Журт Кыргызстан» = «Мекенчил»?

Жокко чыгарылган парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон 208 талапкерден 20сы шаардык кеңештерге «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен катышканы жатышат.

«Ата-Журт Кыргызстан» — мүчөлөрүнүн саны боюнча эң чоң партия жана Кыргызстандын саясий айдыңында жаңы оюнчу. Бул партиядан республика боюнча шаардык кеңештерге шайлоого миңден ашуун талапкер катышат.

Азыркы учурда партияны Айбек Маткеримов жетектейт — ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан 82-катар номери менен депутаттыкка талапкер болгон.

Бул партиянын жети талапкери «Мекенчилдин» тизмесинде болгон. Буга чейин Садыр Жапаров «Мекенчил» партиясы жергиликтүү жана парламенттик шайлоого катышпайт деп билдирген. Чындап эле, партиянын өзү катышпайт, бирок анын мүчөлөрү Бишкек, Баткен, Базар-Коргон, Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаарларынын кеңешине ат салышууда.

Мисалы, Байгазы Эргешов Жалал-Абад шаардык кеңешине 25-номер менен бара жатат. Президенттик шайлоодо ал Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамдарынын тизмесинде болгон.

Жапаровдун дагы бир ишенимдүү адамы Майлуу-Суу шаардык кеңешине 1-номер менен бара жатат — ал Бакытбек Насырбеков.

19-мартта фейсбуктагы «Мекенчил» деп аталган группалардын биринин аталышы «Ата-Журт Кыргызстан» деп өзгөргөн.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаардык кеңешине Тай-Мурас Ташиев Камчыбекович да талапкерлигин койду — жалпыга маалымдоо каражаттарында ал Камчыбек Ташиевдин уулу экени жазылды. Камчыбек Ташиев — Садыр Жапаровдун үзөңгүлөшү, «Мекенчил» партиясынын тең төрагасы жана УКМКнын учурдагы төрагасы.

Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаарында мотор майларын сатып иштеген «Томас и Ко» компаниясынын директорунун орун басары. Ошондой эле Ташиевдин уулу үч фирмага ээлик кылат: «Дени сак Кыргызстан», «Каныбек Ташиев атындагы футбол академиясы» жана «Мока Групп». «Моко Групп» күйүүчү май сатат.

Дагы окуңуз: Жалал-Абад: Ташиевдин уулу «Ата-Журт Кыргызстандан» шаардык кеңешке талапкерлигин койду

«Мекенчилдерден» тышкары, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын дагы 6 мүчөсү октябрь айында бийликчил «Биримдик» партиясынын тизмесинде болушкан. Мисалы, Бекмурза Эргешов 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесинде 98-орунда болгон.

Октябрдагы саясий кризис учурунда, Эргешов Асылбек Жээнбеков менен бирге Оштогу митингде эл алдында сөз сүйлөгөн — ал кризистин шартында отставкага кеткен экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтарынын акциясы болчу.

«Алар учурдагы бийликти сактап калыш керек деп белгилешкен» — деп «Азаттык» радиосу берген.

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстандын» дагы 4 талапкери октябрда «Мекеним Кыргызстандын» катарында шайлоого катышкан. «Мекеним Кыргызстан» — бажы төрагасынын мурдагы орун басары, Кыргызстандын акыркы жылдардагы эң чуулгандуу коррупциялык ишинин фигуранты болгон Райымбек Матраимов менен байланышкан.

«Ынтымак» жана анын «Мекеним Кыргызстан» менен байланышы

«Ынтымак» партиясы 14 шаарда, анын ичинде Бишкекте алдын ала 749 адамды талапкер кылып каттаткан. Партиянын директору — Марлен Маматалиев, ал жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде 7-номер менен аттанган. Ал шаардык кеңешке талапкерлигин койбогону менен анын «Мекеним Кыргызстандагы» алты «кесиптеши» шайлоого «Ынтымактын» тизмесинде баратат.

Ошондой эле, «Ынтымак» Ош шаардык кеңешине 2-номер менен Семетей Козуевди жөнөтүүдө. Козуев — «Россия нефть» компаниясынын стратегиялык өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси. Бул компанияга анын агасы Алишер Козуев жана Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова ээлик кылат.

Семетей Козуев Матраимовдордун кайрымдуулук фонду «Исмаил-Ата» өткөргөн спорттук иш-чарада да Мунар Сайпидинов (Райымбек Матраимовдун өкүл баласы) менен түшкөн сүрөтүндө байкалган.

👍👍👍

Опубликовано Семетеем Козуевым Понедельник, 18 ноября 2019 г.

НДПКдагы беш «биримдикчи»

«Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» (НДПК) төрт шаардык кеңештен орун алгысы келет жана шайлоого 250дөн ашык талапкер менен аттанууда. Алардын ичинде беш киши былтыр күздө «Биримдиктин» катарында болушкан — алардын бешөөсү тең Бишкектеги шайлоого талапкерлигин коюшкан жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары болушкан (же азыр деле депутат болуп жүрүшөт).

Мисалы, Нуржан Тынымсеитова парламенттик шайлоодо «Биримдиктин» тизмесинде 12-номер менен барган. Учурда ал Бишкекте НДПК партиясынын тизмесинде 9-номер менен баратат.

Нуржан Тынымсеитова / Сүрөт: Кыргызстандын Аялдар конгресси

Тынымсеитова алты фирманын башкы директору, анын ичинен төртөөсүнүн Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго байланышы бар деп айтылат. Алардын ичинде «Елизавета» курулуш компаниясы, «СЛОН» юридикалык фирмасы бар. Бул юридикалык фирманы болжол менен мурдагы мэрдин бир тууганы негиздеген.

НДПКнын башка талапкери — 5-номерде катышып жаткан Жусупбек Коргонбай уулу — Жогорку Кеңешти шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынын катарында 47-номер менен барган. Ал «КейДжи Восток Сервис» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана директору. Мурда Коргонбай уулу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон. Бирок Орусиянын жараны болгону үчүн мандатынан айрылган.

Сайдахмат Исмаилов НДПКнын тизмесинде 4-орунда. Былтыр күзүндө «Биримдиктин» катарында 59-орунда болчу. Учурда ал Бишкек шаардык кеңешинде башка партиядан депутат. Исмаилов мурда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болгон.

Парламенттик шайлоонун алдындагы «башкы репетиция»

11-апрелде кыргызстандыктар жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлайт. Шайланган депутаттар жергиликтүү деңгээлде маанилүү чечимдерди кабыл алат.

Шайлоо 28 шаардык (анын ичинде Бишкек жана Ошто) жана 420 айылдык кеңешинде өтөт. Айылдык кеңештерге көбүнчө өз талапкерлигин өзү көрсөткөндөр бараткан болсо, шаардык кеңештерге саясий партиялардын талапкерлери аттанууда.

Шайлоонун жыйынтыгы менен 796 депутат 28 шаардык кеңеште мандатка ээ болот. Алар жергиликтүү деңгээлде билим берүү, саламаттык сактоо, бюджет маселелерин чечүүдөн тышкары, мыйзамдарды кабыл алууга да укуктуу болот.

Эксперттер жергиликтүү шайлоолорду «Жогорку Кеңешке шайлоонун башкы репетициясы» деп аташат. Анын негизинде, мисалы, келерки парламенттик шайлоодо бийликчил партияларды колдоо жана шайлоого келип бергендердин пайызын болжоого болот.

2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган Конституциялык мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо «2021-жылдын 1-июнуна чейин кечиктирилбестен, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык түрдө жарыяланышы зарыл». Ошол эле учурда, президент Садыр Жапаровдун айтымында, парламенттик шайлоо бул мезгилден кечирээк — 2021-жылдын октябрь айында өтүшү ыктымал.

Авторлору: Азиза Раимбердиева жана Савия Хасанова

Фактчек: Александра Ли

Контрибьютору: Камила Баймуратова

Редакторлору: Бектур Искендер жана Анна Капушенко

Которгондор: Алмир Алмамбетов,  Бегайым Талантбекова жана Элнур Келгенбайтегин

Маалыматтарды топтоо: Артур Кабиров