Жол куруу үчүн миңден ашуун майда объект сүрдүрүлөт — Бишкек мэриясы

Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыров калаада жол куруу үчүн миңден ашуун объект сүрдүрүлөөрүн билдирди. Бул тууралуу 31-мартта басма сөз жыйында белгилүү болду.

Кадыров жеңил типтеги объектилер, дубал жана чарба курулуштары сүрдүрүлөөрүн түшүндүрдү. Жолдор экинчи фазада кытай грантынын эсебинен курулат.

«Жол курууга тоскоол болуп жаткан объекттер менен иштешип жатабыз. Учурда өз аймагынан сыртка чыгып кеткен 1 136 объект жолтоо болууда», — дейт Кадыров.

Башкармалыктын жетекчисинин айтымында, жол курууга тоскоолдук жараткан объектилер калаанын ар бир районунда бар:

  • Ленин району — 274;
  • Биринчи май району — 217;
  • Свердлов району — 183;
  • Октябрь району — 462.

Ал шаардыктардын арасында объекттерди бузууга каршы жарандар бар экенин, мындайда мэрия маселени мыйзам боюнча чечерин кошумчалады.

Жол реконструкциясын экинчи фазада кытай грантына Сhina Road and Bridge Corporation компаниясы аткарат. Ушул эле компания 2018-жылы ушул эле долбоордун биринчи фазасында калаанын 48 көчөсүн оңдоп жана курган.

2020-жылдын август айында калаа мэриясы China Road and Bridge Corporation Бишкектин жолдорун оңдоону кайрадан колго алганын кабарлаган.