Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда жергиликтүүлөр менен жолугушту. Ага 100дөгөн киши катышты.
Ташиев жолугушуунун максаты — Өзбекстанда чек ара маселеси боюнча талкуулап келген сүйлөлөшүүлөрдү коомго ачыктоо деп билдирди. Анын айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычы кайда экенин билбеген адамдар да чек ара маселеси боюнча «билерман» болуп кетти.
«Азыр ар бир адамдын колунда “сотка” бар, баары “блогер” болуп кетишкен. Ар түрдүү ойлор ар жерде айтыла бербесин деп өзүбүз келип отурабыз. Жакында бирөө “ушундай” акылдуу болуп жазып атат. Эми менин текшергенге мүмкүнчүлүгүм бар да билесиңер. Анан аны текшертсем, ал Нарындан болуп чыкты. Өзү 2016-жылы Кыргызстандан чыгып кетиптир», — дейт Ташиев.
УКМКнын төрагасы чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө «уткан же утулган» тарап болбойт деп билдирди.
«Көпчүлүк оозуна алы жетпеген чагымчылдар “Кыргызстан утулду”, же “Өзбекстан утту” деген сөздөрдү жазып жатышат. Мен айтып коёюн [!] чек ара маселеси чечилип жатканда бир да өлкө утпайт жана утулбайт. Мындан ары эки өлкөнүн ортосунда такталбаган аймактар болбойт, бир гана чек ара деген гана жерлер болот», — деди ал.
Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу
Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына суу толук толгон учурда анын деңгээли 908 деген шкалага жетээрин маалымдады. Ал эми Өзбекстан 1970-жылдан бери Кыргызстандын 5 737 гектар жерин ээлеп келген. Анын айтымында, жердин 4 100 гектарын Өзбекстан кайра кайтарып берген — алар Кадамжай районундагы Көк-Таала жана Гүлпион айылдары, Аксыдагы Нанай, Падыша-Ата жана Кара-Төбө участкалары, Ала-Бука районунан Үч-Коргон, Чуст айылдары.
Атайын кызматтын башчысы маалымдагандай, калган 1 300 гектар жер кайтарылган — Кемпир-Абаддагы Таша-Кор айылы толугу менен Кыргызстанга өттү.
Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы Өзбекстанга өткөнүн белгиледи. Ал бул чечимди туура деп эсептейт. Анткени суунун деңгээли түшкөндөн кийин жергиликтүү турак жайларды суу каптабай калаарын айтат.
«Суунун горизонталын түшүүрүнүн пайдасы бар. Анткени суу толуп, адамдардын үйүнө чейин чыгып, паңдап аткан эле, эми андай болбой калат. Суунун деңгээлин 900гө түшүрдүк. Жашоочулар да көчүрүлбөй өз жашоосун уланта беришет», — дейт атайын кызматтын башчысы.
Мындан сырткары, суу сактагыч маселеси боюнча Ташиев мындан кийин маселе жаралбайт деп ишендирди. Ал суудан жергиликтүү калк пайдалана аларын белгиледи.
«Суунун башы Салам-Аликте турат. Макулдашуу эми мындай болот, “суу сактагычка кирбейсин” деп балык туттурбай таза кыйначу эле. Эми андай болбойт. Жээктерде жашаган элдерге суудан пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар, мал сугарса болот, балык тутуп, насос менен суу тартып алып эгин сугарса болот. Кашаа да тартылбайт», — деп түшүндүрдү ал.
Ошондой эле, Ташиев Өзбекстанга плотинанын башынан 50 гектар жер берилгенин, анын ордуна Кыргызстан башка аймактан жер алганын айтты.
«Ачык айтканда плотинанын эң башында бизге караган 50 гектар жер бар экен, ошол жерди сурашты. Жалпы 100 гектар жерди сурашты эле, мен “мейли” деп коюпмун, кийин мени менен барган адисттер айтып калышты “100 гектар берсек болбойт. Ал жерде биздин погран заставалар бар” деп. Анан кайра 50 гектар эле бердик», — деп түшүндүрдү ал.
Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы боюнча
УКМКнын башчысы Жалал-Абад облусундагы Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Өзбекстанга өткөнүн ырастады. Анын ордуна буга чейин талаштуу болуп келген, калк жашаган жер тилкелер Кыргызстанга өткөнүн белгиледи. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан Орто-Токойдогу суунун 5%ын пайдалана алары макулдашылды.
* Ташиев Бишкекте маалымат жыйын курганда Орто-Токой суу сактагычынын 200 гектарга чукул аймагы буга чейин Кыргызстанга өткөрүлгөнүн айтып, калган 600 гектарга чукул жер Өзбекстанда калганын айткан. Кыргыз тарапка өткөн жерлер: Көк-Серек айылы 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Бука районундагы Баястан тилкесинде 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Таш тилкесинде 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Кара-Белес тилкесинен 25 гектар жер.
«Ушунтип талашып-тартышып отуруп, жалпы 13 000 гектар талаштуу жерди өзүбүзгө жаздырдык. Биздин кылып келген жумушу ушул. Эптеп эле каралап аткандар үчүн, же алар ичи тарлык кылып атышабы, айтып коеюн биз Өзбекстанга бир метр жер берген жокпуз», — деп жыйынтыктады атайын кызматтын башчысы.
Ташкентте кабыл алынган протоколдор эми тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан иштелип чыгып, эки өлкөнүн президенттери келишимге кол коюшат. Аны парламент ратификациялашы керек.
Орто-Токой суу сактагычы
Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынын курулушу 1941-жылы башталып, согуштан кийин аяктаган. Суу сактагычтын курулушу Өзбек ССРнин жана өзбек элинин каражатына курулган. Анын бюджети 71,1 млн рублду түзгөн.
Советтер Союзу тарагандан кийин дагы Өзбекстан сугат суу үчүн суу сактагычты пайдаланып келишкен. Кыргызстан өкмөтү Өзбекстандан объектти пайдалангандыгы үчүн акы төлөп туруу керектигин айтышканда Ташкент жооп кайтарган эмес. Суу сактагыч Өзбек ССРинин каражатына курулгандыктан, объектти алардын менчиги деп эсептеген.
Кыргыз жана өзбек президенттери кол койгон 1992-жылдагы келишимге ылайык, суу сактагыч Кыргызстандын менчигине өтүшү керек болчу. Бирок, суу сактагыч 24 жылдан кийин, 2016-жылдын жаз айларында Өзбекстан эксплуатациялаган башка объекттер менен кошо Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөн. Суу сактагыч коңшу өлкөнүн убактылуу пайдалануусунда болгон.
2016-жылдын жаз айларында Өзбекстан Кыргызстандан суу сактагычта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн анын аймагына өткөрүүнү суранган. Кыргыз тарап мындай жумуштарды кыргыз адистери жасоо керектигин айтып, өткөрбөй койгон.
Мындан улам, 18-мартта Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерге эки БТР жана эки КамАЗ үлгүсүндөгү автоунааларын койгон. Кыргызстан да жооп иретинде аскерлер менен эки БТРди чек арага коюп койгон.
Эки өлкө чек арада турган аскерлердин санын 20дан 8ге чейин кыскартуу боюнча келишим түзгөндөн кийин кыргыз жана өзбек тарап 26-мартта түнкүсүн талаш жерден чыгып кетишкен.
Экинчи курч кырдаал бир айдан кийин жаралган. Чыңалуу бир айга созулган. Кыргыз милициясы 13-августта Ала-Букадагы чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Өзбекстандын милиция кызматкерин колго түшүргөн. Ал эми өзбек тарап 24-август күнү Үңкүр-Тоодогу «Кербен» радиорелейлик станциясында иштеген төрт инженерди кармап кетишкен. Аларды кайра 15 күндөн кийин бошотушкан. Кыргызстан бийлиги кармалган милиция кызматкерин кармаган түнү эле бошотуп берген.
Тема боюнча: