Камчыбек Ташиев: Чечме булагынын маселеси чечиле элек, сууну эки тарап пайдаланат

Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Баткен облусунун Бирлик айылынын тургундары менен жолугушту. Анда ал жергиликтүүлөр менен чек ара маселелери боюнча сүйлөштү.

Ташиев Өзбекстан менен чек арада «талаштуу жер калган жок» деп билдирди. Анткен менен бир гана Чечме булагы чечиле электигин белгиледи. Ал булакты тактаганча башка тилкелердин маселеси каралбай калып кетмек дейт. Мындан улам ал Чечмени эки өлкө келишимдин негизинде пайдаланып турарын билдирди.


«Жүз миңдеген эл жашаган айылдар, миңдеген гектар жерлер бар. Ошолордун дагы тагдырын чечиш керек болчу. Ошондуктан чечме булагын биз бүгүнкү күндө мурдагы эле бойдон калтырдык. Бирок былтыркы жылдагыдай чоң жаңжалды биз болтурбайбыз», — деди ал.


Өткөн жылдын 31-майында Кыргызстандын Чечме айылынын жана Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булагын талашуудан улам чыр чыккан. Натыйжада 25 кыргызстандык жана Сох анклавынын 187 тургуну жабыркаганы кабарланган болчу.

Жолугушуу учурунда жергиликтүүлөрдүн бири Ташиевден Чечме булагынын айланысын тосуп берүүнү суранды. Ал «коңшу өлкөнүн аскерлери тоскоолдук кылгандыктан балдарыбыз сууга баргандан коркот» деп билдирди.

«Булак биздики болгон. Биздики болгондон кийин чек арасын тосуп берсеңиз. Суусун иче беришсин», — деди ал.

Анда Ташиев «учурда сеники-меники деп ороп ала турган мезгилге келе элекпиз» деп жооп берди. Ошондой эле «мындан ары тургундарга коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан тоскоолдук болбойт» деп убадалады.


«Ал жерде “кирбе, бул мен жерим” деп эч ким айтпайт. Азырынча биз ушуга жетиштик. Ошол эле мезгилде кыргыз тарап дагы бул биздин жерибиз деп ороп алганга азырынча андай мүмкүнчүлүгүбүз болбой турат. Балким бир канча убакыттан кийин мүмкүн болуп калаар. Азырынча негизгиси тынчтык болсун», — деди Ташиев.


Сох анклавы боюнча

Ошондой эле жолугушууда Ташиев Баткендин Кадамжай районундагы «Кайтпас», «Өтүкчү» чек ара бекеттери ачылганын маалымдады. Анын айтымында, Сох анклавынын тургундары өткөрмө жайлардан жөө же жеңил унаа менен, ошондой эле 20 орунга чейинки микроавтобустарда өтө алышат.

«Тургундардын жашоо шартына бир аз жеңилдик болсун деген гана максатта ачтык. Ал эми жүк ташуучу унаа ал жерден өтпөйт. Жүк ташылбайт», — дейт ал.

Ошондой эле ал учурда Сох анклавы боюнча талаштуу маселе жоктугун айтып, «чагымчылдар бийликти атайылап жаман көрсөтүп жатат» деп билдирди.


«Анан коридор боюнча сөздү силерге көп айтышты, кулагыңарга сиңдиришти. Чагымчылдар көп. Азыркы бийликти атайылап жаман көрсөтүү үчүн жок эле нерселерди видеого тартып көрсөткөндөрдүн баары калп. Кантип эле чек ара делегациясынын башында мен туруп бирөөгө бир метр жер берип калайын? Эч качан андай болбойт», — деди Ташиев.


13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кыргыз тарап «Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына мамлекеттик чек ара аркылуу ээн-эркин өтүү үчүн транспорттук жана авиакаттамдарды ачууга даярдыгын» билдиргенин маалымдаган. Бул коомчулукта нараазычылык жараткан болчу. Андан соң Баткен облустук администрациясынан Өзбекстан үчүн Сох анклавына коридор ачылат деген маалыматты төгүндөшкөн.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин 24-25-26-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө катышып келген. Ташиев сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында айрым объектилер алмашылып, бир катар жер тилкелери такталганын билдирген — ал чек ара маселеси 100%га чечилди деп айткан болчу.

Ташиев тараптар «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шарихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүүнү макулдашканын белгилеген.

«Коридор берүү сөзү болгон эмес, андай болушу да мүмкүн эмес». Ташиев Сох анклавы тууралуу