Марипов Мамкурулуштун башчысы менен орун басарларын бошотту

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров жана анын орун басарлары ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен «Клоопко» кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 23-мартта кол койгон. Транспорт министрлигинен кызматтан бошотуулар мамлекеттик агенттикти кайрадан уюштурууга байланыштуу экенин, себеп дегенде Мамкурулуш, өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, Транспорт министрлигинин карамагында экенин белгилешти.

19-мартта өкмөт башчысы Улукбек Марипов «Бишкекбашкыархитектурада» өткөрүлгөн көчмө жыйында берилген тапшырмаларды актаруу мөөнөттөрүн кечиктиргени үчүн Көкөчаровго сөгүш жарыялаган.

Урматбек Көкөчаров 2020-жылдын 18-февралында Мамкурулуштун директору болуп дайындалган. Буга чейин ал директордун орун басары болуп иштеген.

Көкөчаров тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча да күбөлөрдүн бири болгон. Иште коррупция боюнча алты кишиге айып тагылган, анын ичинде өкмөттүн экс-башчысы Сапар Исаков жана өкмөттүк аппараттын экс-бөлүм башчысы Мира Карыбаева бар.

* 2020-жылдын 7-декабрында Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана президенттик аппаратта иштеген Мира Карыбаевага карата Биринчи май районунун жана Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Буга чейин аталган инстанциялар Исаков менен Карыбаеваны Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоодо коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп тапкан.

Бул иш боюнча 2020-жылдын 20-августунда өткөн сот отурумунда Исаков, ага каршы көрсөтмө берген Улукбек Көкөчаров тергөө менен кызматташканы үчүн Мамкурулуштун башчысы болгонун айткан.