Коронавирустун 162 жаңы учуру катталды — анын 112си Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 2-апрелде өлкөдө коронавирустун 162 жаңы учуру катталганын маалымдады. Жаңы катталган учурлардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда — 112 жана 39.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунда жети, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында бирден кишиден COVID-19 илдети аныкталды.

Ал эми коронавирустан өткөн суткада 82 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 45, Чүй облусунда — 31, Ысык-Көл облусунда үч, Баткен облусунда эки жана Ош облусунда бир киши оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 88 700гө жетти. Алардын ичинен 84 979 бейтап айыгып, 1 500 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 564 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 24ү өтө оор абалда. Мындан сырткары 704 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.