Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева 23-мартта «Мыйзам чегинде» долбооруна маек куруп, өткөн шайлоолордогу бузуулар жана шайлоочулардын аң-сезимин түптөөдөгү теледебаттардын ролу тууралуу айтып берди.
Ошондой эле, Журабаева элдин шайлоолорго аз келишинин себебине токтолуп, референдумдар атайылап кайсыл бир шайлоо менен бир күндө өткөрүлүп жатканына тийиштүү сандагы добуш берүүчүлөрдү камсыз кылуу максаты себеп болуп жатканын айтты.
Элдин шайлоого аз катышуусу тууралуу
Журабаеванын айтымында, адамдарга айып салып шайлоого барууга мажбурлоо — туура эмес.«Биринчиден, шайлоого катыша тургандардын көбү чет өлкөдө — ал мигранттар. Жада калса пандемия шартында да чет өлкөдө мигранттар көп [...] Алар элчиликтерде добуш бере алат, бирок ар бир шаарда консулдуктарыбыз жок. [...] Балким активизация кылуу максаты мамлекет менен саясий элиталардадыр», — деди ал.
Журабаева шайлоого элдин аз келишине саясатчылар менен катар жарандардын дагы күнөөсү бар деп эсептейт. Анын пикиринде, саясатчылар убадаларын аткарбай, аларга үмүт арткан элдин тилеги таш капкандыктан, шайлоочулардын көңүлү калып жатат.
Референдум жөнүндө
Журабаеванын ою боюнча, референдумдарга катышкандардын минималдык санын камсыз кылуу максатында, алар атайылап ар кандай шайлоолор менен чогуу өткөрүлүп жатат. 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу бир маалда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өткөрүлөт.
«2016-жылы* өткөн референдумда катышуучулардын саны 30%дан ылдый болгон. Анда жергиликтүү кеңештерге шайлоого бириктирилген эмес болчу. Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоодо катышкандардын саны жетиштүү болгон. Башкача айтканда, адамдар автоматтык түрдө добуш беришкен», — деп билдирген ал.
*Журабаева президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум тууралуу айткысы келген. Анда, киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, премьер-министрдин ролу күчөп, Кыргызстан адам укуктары жаатында эл аралык келишимдердин улуттук мыйзамдарга болгон үстөмдүгүнөн баш тарткан.
** Референдум өттү деп таанылышы үчүн катталган шайлоочулардын кеминде 30%ы келип, өз пикирин билдириши керек.
Журабаева белгилегендей, мыйзам боюнча шайлоочуну эч ким добуш берүүгө мажбурлай албайт. Шайлоочу референдумда добуш берер-бербесин өзү чечет.
Тема боюнча: Жергиликтүү шайлоого барам, бирок референдумга каршымын дегендер үчүн нускама
Дебаттардын мааниси жөнүндө
Журабаева талапкерлердин дебаттары жөнүндө да пикирин билдирди. Көбүнчө мындай форматтагы пикир алышуулар КТРК же ЭлТР каналдарында өткөрүлүп келген, бирок жергиликтүү шайлоолордо онлайн-дебаттар гана өткөрүлгөн.
«Бул маселеге бирдей көз караш жок (…) Бул дебаттарда чыгып, сөз сүйлөөгө, пикирин билдирүүгө бирдей мүмкүнчүлүк берилет. Эгер мындай шарт түзүлүп жатса — эмнеге уруксат берилбесин. Анын үстүнө мамлекеттик телеканалдарга кызыктуураак форматтагы программаларды берүүгө жол берилмек (...) ал эми жеке менчик каналдар мындан киреше да ала алышмак», — деди ал.
Журабаеванын пикиринде жакшы өткөрүлгөн дебаттар шайлоочуларды добуш берүүгө барууга үндөмөк.
«Башкача айтканда, шайлоочу ар кайсы жактан маалыматтарды угуп, кайсы талапкер кандай жооп бергенин көрүп, андан соң шайлоо участкасына келгенде акча алып алганына карабай, добуш берүүнүн купуялыгын эске алып, өзү каалагандай добуш бермек. Ал, “ооба, бул талапкер мындай жооп берген, булардын программасында жакшы сунуштар бар, демек аларды ишке ашырат” деп ойлонмок. Мындайда таасир этүү же админресурс колдонуу азаймак», — деп белгилеген ал.
Мамтелеканалдардын кереги жок
Журабаева республикалык бюджеттен каржыланган телеканалдардын кереги жоктугун айтат. Ал буга КТРКны мисал келтирди — бир нече туунду телеканалдары бар телекорпорация.
«Бири-бири менен атаандашкан ЖМКлардын рыногунда обочолонуп турган бир оюнчу бар [КТРК]. Ал көрөрман үчүн күрөшпөйт, ал көрманды да, каржылоону ансыз да алат [...] Ал эми КТРКнын алдындагы коомдук байкоочу кеңеши өзүнө жүктөлгөн функциялардын баарын толук кандуу аткарбай жатат», — деп белгиледи ал.
Жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоо тууралуу
Журабаева жыйынтыгы саясий кризиске жана өлкөдө бийлик алмашууга түрткөн октябрдагы парламенттик шайлоо тууралуу да кеп козгоду.
«Бул шайлоону мазактоо болду. Эң эле коркунучтуусу саясий элиталардын жоопкерчиликсиздиги уланып жатат. Биздин эл өзгөрдү деп деле айта албайм. Жападан-жалгыз үмүт бар — партиялар ыдырап, бөлүнүп, бири-бири менен атаандашып, күрөшүп жатышат, мында кандайдыр бир жол менен кайсы бир жыйынтыкка келсе болот. Балким андай болбой да калышы мүмкүн», — деди Журабаева.
Бюллетендерди сүрөткө тартуу жөнүндө
Журабаева бюллетендерди сүрөткө тартууга тыюу салынганын белгиледи. Бюллетенди сүрөткө тартуу добуш берүүнүн купуялык нормасын бузат.
*«Клооптун» байкоочулары өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолордо мындай фактыларды нече ирет каттаган.
«Эгер добуш берүүнүн купуялыгы сакталбаса, шайлоо эркин өттү деп айтууга да болбойт. Анда бул шайлоо эмес, бул жөн эле имитация. Эгер шайлоочу өз бюллетенин сүрөткө тартса, демек, же ага административдик кысым жасалып жатат, же ал добушун саткан — бул толук ыктымал. Эч ким, өзгөчө ушул күндө добуш берүүнүн купуялыгын ачыкка чыгарбаш керек, анткени купуялыкты сактоо көптөгөн башка нерселер менен байланышкан», — деп ал белгиледи.
Ошол эле учурда, анын айтымында, мыйзамда добуш берүүнүн купуялыгын массалык түрдө бузган учурда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруунун ченемдери так көрсөтүлгөн эмес.
Журабаеванын пикиринде, мындай жоболор мыйзамда жазылышы мүмкүн эмес, себеп дегенде БШК — «сот сыяктуу» Конституциялык орган.
«Добуш берүү купуялыгынын бузулушуна жол ачкан жагдайдын баарын, анын ичинде бул көрүнүштүн массалыгын изилдөө керек. Анын жолун бууй алыштыбы, балким ал бюллетенди тобу менен салганга жол беришкен жокпу, биз билбейбиз да. Ушул келип чыккан факторлордун баары белгилүү бир участокто добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алуу үчүн негиз болуп бериши мүмкүн. Тагыраагы, эгерде ошол [добуш берүү купуялыгын бузуу] аныктоочу болуп эсептелсе, жалпылап айтканда шайлоо процессин бузса, анда ооба [жокко чыгаруу] керек», — деди ал.
АСУнун участкалардагы иши тууралуу
Журабаеванын пикиринде, добуштарды эсептөөнүн азыркы системасы мурдагылардан алда канча жакшы, себеп дегенде ал бир нече бюллетенди бир учурда салууну жокко чыгарат.
Ал АСУнун (автоматташтырылган электрондук эсептөөчү урналар) кепилдик мөөнөтү соңуна чыкканын, бирок алар жакшы эле иштеп жатканын баса белгилеген*.
* Президенттик шайлоодо өлкөнүн көптөгөн участкаларында АСУлар иштен чыгып калып жатты. Шайлоо мыйзамына ылайык, эгерде АСУ иштен чыкса, анда аны акт түзүп туруп башкасына алмаштыруу керек. Эгерде кошумча коюлган АСУ да иштен чыгып калса, анда анын ордуна кадимки урна коюлат, бул учурда да акт түзүлөт. Ошол эле учурда иштен чыгып калган АСУну добуш берүү үчүн кайра орнотууга тыюу салынат. Бирок айрым участкаларда мыйзамдын бул эрежеси сакталган эмес.
«АСУнун жардамы менен добуш берүү күнү эле сайтка кирип, ошол участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын көрүүгө болот. Жыйынтыктоочу отчёттун сканерден өткөн протоколу да жайгаштырылат», — деп белгиледи Журабаева.
Анын айтымында, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында, шайлоодо колдонулган технологияларга, анын ичинде АСУларга болгон ишенимди кетирүү үчүн атайын кампания жүргүзүлгөн.
«Алар шайлоого, биринчи кезекте ушул технологияларга болгон ишенимди кетиргилери келген. Азыркыга чейин белгилүү топтордун мындай мүдөөсү бар, анткени технологиялар жок кезде ыплас иштерди кылуу алда канча оңой, арзан жана ыңгайлуу. Көптөгөн шайлоочулардын добушун сатып алгандан көрө, участкалык комиссияны сатып алган алда канча оңой да», — деди Журабаева.