Алайда мал карап жүргөн өспүрүм табылбай жатат. Ал көчкү астында калган деп божомолдонууда

Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында 14 жаштагы бала 2-апрель күнү мал караганы кеткен боюнча кайтып келген эмес. Аны издөө иштерине 200дөй киши тартылды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, ошол күнү аталган аймакта кар көчкү түшкөн. Мындан улам баланы кар басып калышы мүмкүн деп божомолдонууда.

Өспүрүмдү ӨКМден 30, ИИМден 10 кызматкер жана 150дөй жергиликтүү тургун  издеп жатат.

Соцтармактарга тараган тасмадан издөө иштерине катышкан тургундардын бири «буга чейин мындай көчкү түшкөн эмес» деп кейиген. Жоголгон бала үч күндөн бери табылбай жатат.