Белгилүү офтальмолог, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Михаил Медведев коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев кабарлады.
Анын айтымында, Медведев 5-апрель күнү Бишкекте көз жумган. Маалыматка ылайык, буга чейин анда коронавирус жана ооруканадан тышкаркы пневмония аныкталган.
«Өпкөсү 90%га жабыркаган. Биз аны куткарып калган элек, эки-үч күндө чыгаралы деп жатканбыз, бирок кан кете баштады», — деп билдирген Аалиев 24.kg’ге.
Медведев медицина илимдеринин доктору жана саламаттык сактоонун отличниги болгон. Профессор Кыргыз-Орус Славян Университетинде офтальмология кафедрасын жетектеп, Европанын катаракталык жана рефракциялык хирургия коомунун мүчөсү болгон.