«Мен рейдер эмесмин». Туманбаев жеке заводдун тартып алынышын салык төлөмдөрүнүн аздыгы менен түшүндүрдү

«Президенттин жеке рейдери. Каныбек Туманбаев чоочун заводду кантип тартып алган?» деген «Клооптун» иликтөөсү чыккандан дээрлик бир жыл өткөндөн кийин Президенттин иш башкармалыгынын башчысы бул боюнча жеке өзү комментарий берди.

«Мен рейдер эмесмин — болгону мамлекетке кайтарып жатам», — деди Туманбаев 2-апрелдеги басма сөз жыйынында «Кактус» басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып.

«Кайсы бир объект мамлекеттин балансына өткөнгө чейин аны менен укук коргоо органдары алектенет. Президенттин иш башкармалыгы менин тапшырмам менен эле барып, [объектини] мамлекетке кайтарып койбойт», — деп түшүндүрдү ал.

Былтыр «Кум-Шагылдын» акционерлери менен кызматкерлери «Клоопко» айтып беришкендей, бийликтин заводду тартып алуу операциясы ишкана жетекчилери Садыр Жапаровдун жаңы резиденциясы үчүн Президенттин иш башкармалыгына 500 миң долларлык бетонду бекер берүүдөн баш тарткандан кийин башталган.

Туманбаев анда «Клооптун» суроолоруна жооп берген эмес.

Эми ал Бишкекте 60 жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү иштеп келген заводду конфискация кылууга анын салыкты аз төлөгөнү себеп болгонун билдирүүдө.

«25 жыл иштеп, эмне кылганын, канча миллион тапканын карагыла. Бирок мамлекетке канча төгүшкөн? 25 жылдын ичинде мамлекетке болгону 8 млн гана сом төлөшкөн. Алар канча уурдаганын билесиңерби? [...] Мамлекет сегиз айда 216 млн сом таап, бул сумма бюджетке түштү», — деди Туманбаев.

Заводдун мурдагы кызматкерлеринин арасындагы «Клооптун» булагы ишкана аз салык төлөгөнү тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтымында, завод өлкөнүн эң ири 200 салык төлөөчүсүнүн катарына кирип, жыл сайын бюджетке 70 млн сомго жакын каражат которуп турган.

Бул тууралуу 2024-жылы «Слово Кыргызстана» басылмасына «Кум-Шагылдын» ардагерлери да билдиришкен. «Завод жылына 50 млн жакын салык төлөйт. Болжол менен 10 жылдын ичинде 500 млн болот. Мындан тышкары биз жыл сайын роялти деп аталган төлөмдү төлөп турабыз. Бул кен эмес деп эсептелген материалдардын ар бир сатылган тоннасынан алына турган салык», — деген ардагерлердин бири.

Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү шагыл карьеринин жанында жайгашкан «Кум-Шагыл» заводу 1965-жылы негизделген. Ал ирригациялык системалар, «Кыргыз Темир Жолу», энергетиктер, өнөр жай жана жарандык курулуштар үчүн темир-бетон конструкцияларды өндүрүү менен алектенип келген.

СССР таркагандан кийин, 1993-жылы, ишкананын эмгек жамааты аны акционердик коомго айлантып, өздөрү акционер болуп калышкан. Алар заводдун алдындагы жерди алгач Бишкек мэриясынан ижарага алып келсе, 2005-жылы аны мүлктүк комплекстин ажырагыс бөлүгү катары менчиктештиришкен. Шагыл өндүрүлө турган карьер ижарада кала берген.

2024-жылдын 8-февралында Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин, Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Нурдан Орунтаевдин жана Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин жеке катышуусу менен милиция заводду курчоого алып, күч менен тартып алынган.

Муну менен катар аткаминерлер «Кум-Шагылдын» акционерлерине кысымды уланта беришкен. Бирок аларды бир жерге чогултуп, акцияларын берүүгө мажбурлай алышкан эмес. Жыйынтыгында жеке менчик укугуна кол шилтеп, Бишкек шаардык административдик сотунун 20-августтагы чечими менен заводду мэрияга өткөрүшкөн. Кийин шаар бийлиги аны Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берген.

Былтыр ноябрда завод расмий түрдө Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Аткаминерлер ишкананы кантип тартып алганы жөнүндө кененирээк «Президенттин жеке рейдери» аттуу иликтөөбүздөн окуңуз.