Лейлектин тургундары такталбаган жердин маселесин чечүүнү талап кылышты

Лейлек району. Сүрөт: Govori.tv 

Баткен облусунун Лейлек районундагы Булак-Башы айылынын жашоочулары 6-апрелде чогулуп, Майты аймагындагы 5 гектардай үлүш жерге айдоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүнү талап кылышты.

Тургундардын айтымында, аймак кыргыз-тажик чек арасында жайгашкандыктан өкмөт үч жыл мурда эгин талаасын иштетүүгө тыюу салган. Жашоочулар бийликтен жер тилкени тактоону суранып жатышат.

Булак-Башы айлынын тургундарынын бири Саттарбай Сапаров үлүш жерлер жергиликтүүлөргө таандык экенин тастыктаган күбөлүктөр бар деп ишендирди. Анын айтымында, аталган аймактан 2002-жылы жалпы 20дан ашуун гектар жер 92 кожолукка бөлүнүп берилген. Анын 5 гактары чек арага чектеш жайгашкандыктан такталбаган аймак деп саналып калган.

«Акыркы үч жылдан бери эгин талааны иштете албай келебиз. Тажик тарап чек ара кызматынын жоокерлерин коюп койгон, жоокерлер ок атып трактордун киришине тоскоолдук жаратышат. Жер тилкеси тажик тарапка өтөөрү тууралуу эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн эмес», — деп билдирди Сапаров.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы «Клоопко» Майты аймагындагы такталбаган жердин аянты 2,67 гектар деп кабарлашты. Ал эми жердин маселеси эки мамлекеттин чек араларын делимитациялоо жана демаркация процессинин алкагында чечилерин айтышты.

Жергиликтүү бийлик аталган аймактан 24 гектар жер тилкеси тургундарга үлүш катары берилгенин тастыктады. Бирок талашка түшкөн 3 гектардай жерди буга чейин эки өлкөнүн жарандары биргеликте иштетип келген дешти.

«2,67 гектар жер тилкеси үлүш жер катары жергиликтүү тургунга бөлүнүп берилген. Ал жарандан дагы башка жергиликтүү тургун ижарага алып, 2017-жылга чейин Тажик Республикасынын жарандары менен биргеликте иштетип келген, бирок акыркы үч жылдан бери, чек аранын такталбагандыгынан, аталган 2,67 гектар жер, кыргыз-тажик жарандарынын талаш тартышын жараткандыктан, иштетилбей келет», — деп түшүндүрүштү мекемден.

Ал эми УКМКга караштуу Чек ара кызматынан Лейлек районунун жетекчилиги Тажикстандын Согди облусунун Жаббор-Расул районунун бийлиги менен 24-мартта аталган аймак бир тараптуу чечилгенге чейин эч кандай чарбалык иш жүргүзбөө боюнча чечим кабыл алынган деп ырасташты. Ошондой эле, мекемеден кыргыз-тажик чек арасында абал «тынч» деп билдиришти.