Өлкөдө коронавирустун 222 жаңы учуру катталды — анын 183ү Бишкекте

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 8-апрелде өлкөдө коронавирустун 222 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 12 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 183 (сегиз медкызматкер);

Чүй облусунда — 24 (үч медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 4;

Жалал-Абад облусунда — 4;

Ош шаарында — 4 (бир медкызматкер);

Нарын облусунда — 2;

Баткен облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 111 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 69, Чүй облусунда — 33, Ысык-Көл облусунда беш, Жалал-Абад облусунда үч жана Ош шаарында бир киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында үч жана Чүй облусунда бир бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 89 660ка жетти — алардын ичинде 4 294 медик бар. Оорудан 85 607 бейтап айыгып, 1 516 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 712 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 24ү өтө оор абалда. Мындан сырткары 870 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.