Кадыр Маликов: «Ала качуу — шариятта чоң күнөө жана оор кылмыш»

Шарият боюнча адис, профессор, саясий илимдин доктору, муфтийдин орун басары Кадыр Маликов өзүнүн фейсбук барагында Айзада Канатбекованын уурдалышы жана киши колдуу болушу боюнча комментарий берди. Ал кыздын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, мусулмандар үчүн мындай жосунсуз жорук кылуу чоң күнөө экенин, шариятка каршы келерин эскертти.

«Ала качуу ислам боюнча — чоң күнөө жана оор кылмыш! Ислам адамдын эркиндигине, өмүрүнө, ар-намыс жана кадыр-баркына доо кетирген салттарга тыюу салат. Айрыкча бул ала качуу “салтына”, кызды уурдоого жана аны мажбурлап никеге тургузууга тиешелүү. Такыба мусулмандар, дин жолунда жүргөндөр, Жараткандын алдында аталган аракет күнөө жана ага тыюу бар экенин билип, исламдын духуна жана шариятка каршы келген бул салтты айыптайт», — деп белгилеген ал.

Кадыр Маликов дал ушундай уурдоолордун алдын алуу үчүн муфтият мурда мамлекеттик нике жөнүндө күбөлүксүз нике кыюуга тыюу салганын түшүндүрдү.

«Бул түркөйлүк унутулушу үчүн дагы канча трагедия болушу керек?

Мындан ары ушул сыяктуу трагедиялар болбошу үчүн коом тарабынан бул кылмыштар кечирилгис болушу керек. Кайдыгер болбошубуз керек! Анткени эртең бул ар бирибиздин башыбызга келиши мүмкүн», — деп үндөдү ал.

Дин таануучунун ою боюнча, адам уурдоо үчүн жаза мөөнөтүнүн катаалдаштырылышы менен абалды өзгөртүү мүмкүн эмес. Башка варианттар да бар.

«Жалаң жазаларды эле катаалдаштыра бербей, жаштарды агартуу, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, улуттук каада-салт, үрп-адаттарды туура түшүндүрүү, ой жүгүртүүнү туура нукка буруу аркылуу дагы бул маселени чечсе болот», — деп белгиледи ал.

Айзаданы уурдоо жана өлтүрүү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы 5:00те уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкекке жакын айылдардын жанында автоунаанын ичинде табылган. Ошондой эле, автоунаанын ичинде аны уурдап кеткен кишинин сөөгү да табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип каза болгон.

Кыздын уурдалып, киши колдуу болушу коомдо чоң чуу жараткан. 300дөй киши 8-апрелде нааразылык билдирүү үчүн Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына чогулуп, министр Улан Ниязбековдун жана Бишкек шаардык ИИББ жетекчиси Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышкан.

Митингге парламент депутаттары Айсулуу Мамашева, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев да катышкан. Алар парламентке ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековдун отставкага кетирүү сунушун киргизгенин айтышкан.

Кийинчерээк, милиция Теңизбаев Орусиянын бир нече соту тарабынан кылмыш жообуна тартылып, жалпысынан темир тор артында 7 жыл отурганын билдирген. Эркиндикке чыккандан кийин, ал депортацияланып, ага Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Кызды уурдоого катыштыгы бар делген төрт шектүү кармалып, алар Бишкек шаардык ИИББ тергөө абагына киргизилди. Кылмышка катыштыгы болушу ыктымал болгондорду издөө иштери уланууда.

Канатбекованын уурдалышы жана өлүмү боюнча өкмөт башчысы Улукбек Марипов жана президент Садыр Жапаров да өз ойлорун билдиришкен. Марипов мындай жорук кечирилгис экенин белгилеп, «ала качуу — салт эмес, бул жазалана турган кылмыш. Биз муну өлкөдөгү ар бир инсанга жеткирүүгө милдеттүүбүз», — деп билдирген.

Президент Садыр Жапаров Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирип, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя, тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек деп айткан. Анын айтымында, бул иш аягына чыгарылышы зарыл жана жазасы сөзсүз болот.